Бозо

Бозо — таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик.

Бозо салууда адегенде шак сууга чыланып ачытылат (1 күн), андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты кошуп, бышырат (1,5 саат). Бышырган шакты (атала) суутуп, угут (атайын 1 жума өндүрүлүп, кургатылып, тегирменге же жаргылчакка тартылган буудай) кошуп, жакшылап «чечтирип» аралаштырат, анан ачыткы (көрөңгө) кошулуп, жылуулап жабылат.

Бозо
Албаниялык бозо.

Ал ошол калыбында 6-8 саат бою ачыйт. Ачыгандан кийин ага кайнаган суу кошуп, аталгы же баштык менен таза идишке сүзүлүп алынат. Бозо салыныш ыкмасына жараша жаш бозо, кордолгон бозо (шагы 3-4 күн ачытылып, угуту көбүрөөк салынат), «кекире даам кер чагыр бозо» (күчтүү бозо), «суу татыр сулатыр бозо», «илеби ширин-ак көпшөк бозо» (жумшак), «камшак бозо» (начар) деп бөлүнөт. Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз май кошуп (болжол менен 1 л бозого 100 г май), ыкчам ысытып берет. Мындай бозо «кара куурдак» деп аталат. Аны сыркоолоп (чыйрыгып) же күчтүү тамактан соң күптүү болгон учурда ичсе, тамакты тез аш кылууга жардам берет. Элдик медицинада бозонун организмге оң таасирин тийгизген бир топ дарылык касиеттери белгилүү.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Афины (байыркы)Компьютердик вирусТемиркул ҮмөталиевТишАдыгине (уруулук топ)Интерактивдүү окутууУзакбай АбдукаимовМамлекеттик тилЭпистолярдык формаГастритКасым ТыныстановСаспаев АманГлобалдык экологиялык проблемаларЧоң казатМедицинаЭкологиялык факторлорЖылдызДифференциацияланган окутууТүрк кагандыгыЧыныгы достукПётр Ильич ЧайковскийЖай мезгилиАмелиПризмаОкутуу методуКыргыз улуттук оюндарыКиринди сөзЖомокБайламталарДезинфекцияГезитЭфирлерЧубак (баатыр)ФонетикаТүйүлдүкФизикалык чоңдуктардын бирдиктериНоорузОномастикаСатираСаякОсмонкул БөлөбалаевАт-Башы районуФранцияБенжамен Блумдун таксономиясыТоктогул СатылгановАвстралия (континент)Кыргыз мөңгүлөрүРефератНаймандарМамлекеттик башкарууКараханийлер мамлекетиНарын облусуАрабдарСуутекЖол кыймылынын эрежелериАтоочтук түрмөкИнсанНүзүп бий Эсенбай уулуКыргыздардын тарыхыАдминистративдик укукМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Орто АзияТопуракКоопсуздук техникасыКыргызстандагы коло дооруТурусбеков ЖусупОрмон ханЧагатай улусуКыргыз эли колдонгон жазууларӨпкөДидактикалык чыгармаларКоммуникацияАбанын булганышыСаякбай КаралаевБайчечекейДүйшөнкул ШопоковКеп этикети🡆 More