Бел-Алма-батыш Кашка-Суу көмүр кени Ош облусунун Ноокат районунда, Кичи Алай суусунун оң куймалары Белалма жана Кашка-Суу сууларынын ортоңку агымында.
Кен 1913-ж. белгилүү. 1983–87-ж. геол. съемка убагында издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Белалма жана Батыш Кашка-Суу деп экиге бөлүнөт. Белалма жантайып жаткан синклиналдык бүктөлүүнүн түштүк-батыш канатында, Батыш Кашка-Суу синклиналдын түндүк-батыш биригишинде. Кенде төмөнкү юра катмары менен байланышкан бир кабат белгилүү. Белалма кенинде кабаттын калыңдыгы 30–75 м болуп, орточосу 45 м түзөт. Батыш Кашка-Суу кенинде калыңдыгы 1,0 м болгон кабат 1,2 кмге созулары аныкталган. Көмүрдүн сапаты начар изилденген. Белалма кенинин орточо күлдүүлүгү – 11,8%, күйүү жылуулугу 6500 ккал/кг (27,21 МДж/кг) 7150 ккал/кг (29,93 МДж/кг). Кендердин болжол ресурсу 600 м тереңдикке чейин 1153 млн т.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бел-Алма-батыш, Кашка-Суу көмүр кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.