Балык уулоо — бардык жаштагы кишилер катыша ала турган активдүү эс алуунун кеңири тараган түрү.
Советтик закон бардык жарандарга спорттук шаймандар менен коруктардын аймагындагы көлмөлөрдөн, атайын балык чарбасынын көлмөлөрүнөн башка бардык жерде балык уулоого укук берет.
Балык уулоо чыдамдуулукка, сабырдуулукка тарбиялайт, организмди чыңдайт, нерв системасын тынчтантат жана ишке жөндөмдүүлүгүн арттырат. Улгайгандар жана ар кандай оору менен ооругандар балык уулоого чыгуудан мурда сөзсүз догдур менен кеңешип, балык кармоочу жерди жана мезгилди ылайыктап алуу керек. Кайырмак менен балык уулоо эң жөнөкөй жана кеңири таралган. Балыкчыларга кайыкты айдай билүү, сууда жакшы сүзүү өтө зарыл. Кышында узак убакыт бүкчүйүп отурууга болбойт, бутка суу өткөрбөс бут кийим кийүү, колду, бетти үшүк алуудан сактоо зарыл. Балыкчы — спортсмендер ар кандай мекемелердин спорт секциясынын алгачкы уюмдарына биригет. Спорттук балык уулоону жөө жүрүү жана суу туризми менен айкалыштырса болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Балык уулоо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.