Алай өрөөнү — Кыргызстандын эң түштүгүндө Алай кырка тоосу менен Чоңалай Кырка тоосунун арасында жайгашкан.
Геологиялык түзүлүшү жана рельефинин калыптануусу тарыхы боюнча Тян-Шань тоо системасы менен Памир тоо системасынын табигый чек арасы. Чыгыштан батышка карай 200 км че аралыкка созулуп жаткан кеңири өрөөн эки жагынан кырка тоолордун капталдары менен чектелет. Туурасы кырка тоолодун кырларына чейин 50км че, өрөөндүн таманы боюнча 3-27км. Өрөөндүн көпчүлүк бөлүгү батыш тарапка эңкейиштеген, Вахш дарыясынын түзүүчүлөрүнүн бири Кызыл суусунун алабында жайгашкан. Эң чыгыш бөлүгү Таримдин бир түзүүчүсү Чыгыш-Кызыл суусунун алабында. Провинциясынын жалпы аянты 8400км. Алай өрөөнүнүн таманынын эң бийик жери чыгышындагы суу бөлгүчтөр жайгашкан Тоо мурун ашуусу (3536м), эң жапыз жери батышындагы Карамык кыштагына жакын (2400м). Өрөөндүн орточо бийиктиги 3000м ден жогору. Кытайдын чек арасынан Тажикстандын чегине чейин 174км.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алай өрөөнү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.