Эфиопия (Абиссин) тайпак тоосу Африканын түндүк чыгышында, Эфиопиянын, Эритрея, Сомали менен чектеш жерлеринде жаткан тоолуу система.
Кээдэ аны Африканын чатыры да дешет.
Негизин кембрийге чейинки кристаллдык фундамент түзүп, кумдук жана акиташ тектеринин, базальт лавасынын калың катмарлары жаап жатат. Түндүк бөлүгү жетим тоолуу кристаллдык пенеплен; 15° түндүк кеңдиктен түштүгүрөөктө лавалуу калдык тоолордон турган тектирленген базальттуу плато жатат. Эфиопия тайпак тоосу аны курчап жаткан өрөөндөрдөн бир кыйла бийик жайгашып, чыгышты карай тик, батышка тектирленип жапыздайт. Бийикт. түштүк-батышында 2000 м, түндүк-чыгышында 3000 м. Эң бийик чокусу - Рас-Дашан (бийиктиги 4623 м). Батыш жана түштүк-батыш капталдарында жайкысын жаан-чачын көп (жылына 1500 мж) жаайт, чыгышында жылына 500 мм. Дарыялары: Көк Нил, Атбара, Собат ж. б. 1700 м бийиктикке чейин колла алкагы (жылдык орточо температурасы 20°С), айдарым капталдарын тропик токою, кофе плантациясы, ылымта беттерин саванна, 2400 мте чейин война-дега алкагы (жылдык орточо температурасы 17°С) саванна; 3000 -мге чейин дега алкагы (жылдык орточо температурасы 14°С), ийне жалбырактуу токой, андан жогору бийик тоолуу талаа ээлейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эфиопия тайпак тоосу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.