Шатманов, Салибай

(1932–2007)

Акын Салибай Шатманов Аксы районунун Кызыл-Жар айылында 1932-жылы 25-декабрда туулган. 1953-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун бүтүрүп, Жаңы-Жол районунун айылдарындагы мектептерде директор, 1960-жылга чейин Ак-Суу орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, «Колхоз жолу» аттуу райондук гезиттин редакциясында адабий кызматкер болгон. 1961–1966-жж. КМУнун филология факультетинде окуган. Университетти бүтүрүп, «Мугалимдер газетасында» адабий кызматкер, бөлүм башчы болуп 18 жыл бою эмгектенип, 1986-жылдан «Мектеп» басмасынын жаштар редакциясында редактор, «Адабият» басмасында редактордук кызматта иштеп келген.
Акындын алгачкы ыры 1950-жылы «Болот коргон» деген ат менен Жалал-Абад облустук гезитине басылып чыккан. Биринчи «Гүлдесте» аттуу ырлар жыйнагы 1961-жылы жарык көргөн.
Ал тарабынан С.Баруздиндин, В.Астафьевдин, К.Ушинскийдин, И.Кожедубдун, А.Дорофьевдин ж.б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.
1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
СССРдин жана Кыргыз ССРинин «Билим берүүсүнүн отличниги».
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
2002-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон жана 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Гүлдесте: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас,1961. – 128 б.

Жер ортосу: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 27 б.

Too сүрөттөрү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан 1966. – 56 б.

Гүлбадам: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 35 б.

Сөз: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 47 б.

Алтын топурак. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 56 б.

Кызыл ат минген жигит. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 52 б.

Ата мурасы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 83 б.

Адамдын жарыгы адамга тиет. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 59 б.

Ажарлуу адам. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 49 б.

Дан жана ыр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 82 б.

Биздин курак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 76 б.

Алаканда от жанат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 100 б.

Белгим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 160 б.

Мистелүү адырлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 69 б.

Бозбу: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 120 б.

Нан жана дүйнө: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1988. – 144 б.

Табийгат жана адам: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 149 б.

От менен суу: Ырлар жана поэма. – Б.: Адабият, 1992. – 302 б.

Күн жана эне: Ырлар, уламыштар жана поэмалар. – Б.: Адабият, 1994. – 351 б.

Айтамга: Ырлар. – Б.: Алтын тамга, 1999. – 96 б.

Менин өмүр баяным: Ырлар жана поэмалар. 1–4-том. – Б.: Бийиктик.

КОТОРМОЛОРУ

Баруздин С. Көчөдө солдат баратат: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 44 б.

Астафьев В. Кузя аба тооктордун кожоюну: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1980. – 56 б. Кожедуб И.Н. Көктөгү кармашуу: Учкуч-истребителдин аңгемеси – Ф.: Мектеп, 1983. – 40 б.

Дорофеев А.Д. Ак таранчы: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б.

Ушинский К.Д.Мойнок: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1988. – 14 б.

Ханс Кристиан Андерсен. Оле Лукойе: Жомок. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 27 б.

Цыферов Г. Менин Андерсеним; Дюймовочка; Кандай солдат; Оттук таш; Асыл жер: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 30 б.

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КартаСтильМахмуд КашгариМиграцияБайтик баатырСабира КүмүшалиеваЖай сүйлөмБайыркы РимКанЖөндөмөТүшүндүрмө мүчөСпиртКыргызстандын гербиКЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.АлмамбетМайларБириккен Улуттар УюмуКан басымыШырдакЖусуп МамайМамлекеттик башкарууАйлана чөйрөнү коргооКылым карытар бир күнБелокБайламталарМолдо НиязКубанычбек МаликовДосумбаев, КүнболотАтом ядросуМамлекетКызматчы сөздөрКөп маанилүү сөздөрКошмок сөздөрЖайлооТамеки чегүүШвецияИшеналы АрабаевРоза гүлдүүлөрӨмүрбаев, СагындыкЭлдердин улуу көчүЛатын АмерикасыЫсык-Көл облусуЖакыпбеков АшымСаякбай КаралаевКаныкей образыПингвинЕвропаКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүБир тутумдуу сүйлөмРефератУлуттук тилОсмон империясыНерв системасыБөлчөк (арифметика)Заманачы акындарГастритКыргызстандын экологиялык көйгөйүҮндүү тыбыштарАнжиян көтөрүлүшүКош бойлуулукУлуу Ата-Мекендик согушӨзгөчө кырдаалЛазерАтоочтук сүйлөмПсихологияЖер көчкүАз кандуулукЗатЖөтөлДаракЖөндөмө категориясыКиринди сөзТоп гүлМатерия (физика)СамынКыргызстандагы майрамдар🡆 More