Склероз — органдын, кан тамырлардын булчуңдарынын, без клеткаларынын жана башкалар туташтырма ткандар менен алмашуусунан катуулануусу.
Бирок склероз көбүнчө сезгенүү процессинин кесепетинен болуп, ага айрыкча сезгенүүнүн өнөкөт түрү (кургак учук, котон жара жана башкалар) жана ткандагы алмашуу процессинин бузулушу себеп болот. Холестериндин алмашуусу бузулганда кан тамырлар өзгөрүп атеросклерозго алып келет. Склероз болгон органдын функциясы бузулат. Эгерде жүрөк булчуңунда склероз болсо (кардиосклероз) жүрөк иши бузулуп, ак шишик басат жана башкалар.
Склерозду алдын алууда себеп болгон ооруларды өз убагында дарылоонун мааниси чоң.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Склероз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.