Садыков Тургунбай Садыкович

Садыков Тургунбай - Кыргыз эл баатыры, бедизчи, сүрөтчү, КСРБнин Лениндик сыйылыгынын лауреаты.

Социалисттик эмгектин баатыры.

1935-жылы азыркы Баткен дубанын Баткен районундагы Говсувар деген жеринде туулган. Говсуварда он жылдык мектеп болбогондуктан, 1947-жылдан тартып Ош шаарынын ныптасындагы Жапалак кыштагындагы жатактуу мектепте окуп, аны 1954-жылы бүтөт.

Жаратман алгачкы эмгеги «Баланын башы» айкели 1957-жылы Республикалык көргөзмөдө скульпторлор арасында баш байгени алат.

1961-жылы «Койчу» жана «Телегей Сагынбаева» деген эки иши Москвада Бүткүл бирликтик көргөзмөдө ачылып, бедизчинин көп улуттуу өлкөдө таанылышына чыйыр ачат.

Тургунбай Садыков 1962-64 жылдары Москванын Жогорку көркөм өнөрчүлүк окуу жайынын алдындагы эки жылдык жогорку курста окуйт. Бул жылдары ССРСдин эл сүрөтчүсү, Лениндик сыйлыктын лауреаты Сергей Коненков менен өтө жакындашып, анын таалим-тарбиясын көрөт жана ак батасын алат.

Бедизчинин «Жылкычы» деген иши 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу атындагы республикалык сыйлыкка татыктуу болот.

Тургунбай Садыков Бишкектеги Улуттук филармониянын алдындагы манасчылардын айкелинин, «Ала-Тоо» кинотеатрынын каптал жагындагы «Революциянын каармандары» жана С. Ибрагимов көчөсүндөгү 1941-45 жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналып тургузулган комплекстин, ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы Эркиндик айкелинин автору.

Ал Бишкектеги Көркөм өнөр академиясынын жана анын алдындагы талантуу балдардын жатак-мектебинин негиздөөчүсү.

Шилтеме

  • U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Эпикалык текКыргыз адабиятыЖасалма интеллектӨз алдынча разрядКубаттуулукКызыл китепЖусуп МамайМен жана милицияАндыМүчөКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЖер-суу реформаларыСалыкЫктымалдуулук теориясыКүзКубанычбек МаликовОрфографияЗат атоочГүлТиричиликтин пайда болушу«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Кайра курууСийдик болуп чыгаруу органдарЧолпонЖердин айлануусуКыргызстандын Орусияга каратылышыМанап бийДезоксирибонуклеин кислотасыБишкекБиоценозАктФранцияАвтомобильБашкы баракМаданиятКененсарынын чапкыныБаңгиликКоррозияБашкаруу байланышыГрамматикаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыФевраль революциясы (1917)КосмосТабигый кырсыктарЭхинококкозСөөк системасыБир өңчөй мүчөВитамин CМенеджментБагыныңкы сүйлөмМихаил ГлинкаКараханийлер кагандыгыМамлекеттик бюджетТыныш белгилериИшеналы АрабаевКалька лексикологиядаЛексикологияСүйлөмМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыКыргызстан тоолоруМуун (лингвистика)Кыргыз этнонимиКЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.Жер тобундагы планеталарТүркияОмонимдерКыргыз ашканасыРычагИнтернетОшТайлак баатырИч катууВитаминдерМутацияЖер атмосферасыШайлообек ДүйшеевКант диабетиАт — адамдын канаты🡆 More