Айтыке Козубек уулу, Айты (1816, Жумгал өрөөнү - 1887, ошол эле жер) - манасчы, кыргыздын улуу муундагы классик акындарынын бири.
Эл арасындагы кадыр-баркы жана таланты менен Айтыке атыккан. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу толук маалыматтар жокко эсе.
Замандаштары Балык, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенаман менен катар чыккан. Алар менен айтышканы жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Айтикенин ырчылыгын Токтогул жогору баалаган.
Анын «О кудай ай, кудай ай», «Ким жакшы», «Тойбойт» сыяктуу насыят ырлары сакталып калган. Ал Таластан чыккан Чоңду ырчынын айтканына караганда «Манас», «Семетей», «Сейтекти» толугу менен айткан. Тоголок Молдонун баа берүүсү боюнча чоң манасчы болгон. «Жаныш-Байыш», «Эр Төштүк», «Сарынжы-Бөкөй» дастандарын да айткан. Суусамырда турган жолуке уруусунан чыккан.
Калык акын, «Айтышып акын жеңбеген, Айтыке чыккан Жумгалдан» деп ырдаган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил, адабият институтунун Кол жазмалар фондусунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты сакталып турат.
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Козубек уулу Айтыке, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.