Америка-Мексика согушу - АКШнын Мексикага каршы согушу (1846-1848).
1835-ж. Мексиканын Техас штатында америкалык плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-ж. Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-ж. Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-ж. 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында америкалык аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түндүк жана Борбордук Мексикада жергиликтүү эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-ж. Веракрус портуна америкалык десант түшүрүлүп, мамлекеттин борбору - Мехико шаарына чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-ж. февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты боюнча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Америка-Мексика согушу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.