Алкадиендер (диен углеводороддору, диолефиндер) – бир эле мол-да эки кош байланышы бар чексиз углеводороддор.
Чектүү углеводородго салыштырганда алардын мол-сында төрт суутек атому кем болуп, жалпы формуласы СnН2n-2 менен туюнтулат, башкача айтканда диен углеводороду көмүртек атомдору бирдей болгон ацетилен углеводороду менен изомерияда болот. А. мол-дагы кош байланыштар жайгашуусуна карата үч түргө бөлүнөт.
1. Катарлашкан (кумуляцияланган) А. эки кош байланыш бир көмүртек атомунда жайгашкан: >С=С=С<;
2. Кезектешкен (конъюгирлешкен) А. кош байланыштар бир жөнөкөй байланыш менен бөлүнгөн: >С=СН-СН=С<;
3.Туюнтулган (изоляцияланган) А. кош байланыштар бир нече жөнөкөй байланыштар
м-н ажыратылган:
>С=СН-(СН2)n-СН=С<
А. көбүнчө илимий номенклатура менен аталат. Кээде тривиалдык номенклатура да колдонулат. Мис., СН2=С=СН2 аллен же пропадиен, СН2=СН-СН=СН2 дивинил же бутадиен-1,3 жана башка А-дин ичинен ө.ж-да эң маанилүүсү конъюгирлешкен диен углеводороддору, анткени алар көп сандаган синтездик каучуктар алууда баштапкы продукт болуп эсептелинет. Ошондуктан айрыкча 1,3-диен углеводородун лаб-яда жана ө.ж-да алуунун көп методдору сунуш кылынган. 1,3-Бутадиен өз алдынча жана винил мономерлери менен бирге полимерлешип каучукту, каучук сымал сополимерлер, термоэластопластиктер пайда кылат. Реагенттер таасир этүүдө 1- жана 2-көмүртек атомдоруна кошулбастан 1- жана 4-көмүртек атомдоруна кошулуп, 2- жана 3-көмүртек атомдорунун ортосунда жаңы кош байланыш пайда болот:
СН2=СН-СН=СН2+Br2CH2Br-CH=CH-CH2Br
Конъюгирлешкен А. мындай өзгөчөлүгү өз ара жакын жайгашкан кош байланыштар орбиталдарынын жабылышуусунан мол-дагы бирдиктүү бир p-молекулярдык орбиталдар пайда болушу менен түшүндүрүлөт. А. хим. реакциялары, алардын жаратылышына, реагенттерге, катализаторго, реакциянын шартына көз каранды. А. ө.ж-да. нефтиден катализ же крекинг аркылуу бөлүнүп алынган алкандар же алкендер катализатор катышуусунда дегидрлөөдөн алынат. Алар ө.ж. негизинен синтездик каучуктар, чайырлар, полиамид булаларын, лактар, боёктор, дары-дармектер д.у.с көптөгөн синтездик бирикмелерди алууда колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алкадиендер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.