Ху Цзинь Тао (21.
12. 1942-ж. т„ Кытай, Аньхой провинциясы, Цзиси уезди, Чжиши к.) - КЭРдин мамлекеттик жана партиялык ишмери. Кытай КП БКнын мүчөсү (1982), анын секретариатынын жана Саясий бюросунун туруктуу к-тинин мүчөсү (1992).
Тибет аскер округунун партиялык мектептин ректору, КЭРдин төрагасынын орун басары (1998-2003) болуп иштеген. Янцзы з-нын жогорку жагындагы эки ГЭСтин курулушуна (1970-74) катышкан.
Коомдук тармакта Кытай КПнын салттуу саясатын сактап калган жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Ал Тайвандын «сепаратисттик күчтөрүнө» чечкиндүү каршы туруп, Тайванды Кытайга бириктирүүнү тынчтык жол менен ишке ашырууну көздөгөн; 2005-ж. 14-мартта КЭРде «Мамлекетти бөлүп жарылууларга каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды» күчүнө киргизген. Өлкөнүн ичинде өз саясий базасын чыңдоо үчүн жер-жерлерге өзүнө ишенимдүү такшалган кызматкерлерин дайындаган.
ККПнын 11-чакырылышынын 30 жылдыгына арналган 3-пленумда адамзаттын саясий маданиятынын жемиштерин сөзсүз кабыл алуу керектигин белгилеп, ошол эле учурда батыштын саясий системасынын моделин көчүрмөлөөнүн зарылдыгы жоктугун баса белгилеген.
Ал башкарган учурда Кытайда ички дүң продуктынын көлөмү 5,8 триллион долларга өсүп, дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунга чыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ху Цзиньтао, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.