Түрдүн пайда болушу - жаңы түрлөрдүн пайда болуу процесси.
Биологиялык илиминин тарыхында узак убакыт Түрдүн пайда болушу жөнүндө метафиз., идеалисттик жана диний агымдар өкүм сүрүп, алардын өкүлдөрү түрдүн жаратылышта объективдүү жашай тургандыгын танып, түр табигый жол менен келип чыкпайт, өзгөрбөйт жана өнүкпөйт, себеби аны кудай даяр бойдон эле туруктуу кылып жараткан деп далилдөөгө аракеттенишкен. Мындай көз караштарды Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы төгүнгө чыгарып, Түрдүн пайда болушунун кадимки себептерин, биологиялык закон ченемдерин аныктады. Бул теорияга ылайык жаратылыштагы Түрдүн пайда болушунун негизинде табигый тандалуу (өзгөргүчтүк, тукум куугучтук жана жашоо үчүн күрөш) жатса, ал эми сорттор жана породалар жасалма тандоонун жардамы менен алынат. Табигый тандалуу жөнүндөгү окуу организмдин түзүлүшүнүн жана функцияларынын акырындык менен татаалданышынын жана өркүндөшүнүн, органикалык дүйнөнүн ар түрдүүлүгүнүн, түрдүн өз ара жана органикалык эмес дүйнөгө ылайыктанышынын чыныгы себептерин жана закон ченемдерин илимий жана матер, жол менен түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Түрдүн пайда болушу жөнүндөгү Ч. Дарвиндин теориясы азыркы кездеги биологиялык илиминде сакталып, такталды жана өнүктүрүлүүдө. Эволюциялык процесстин эки негизги түрү (микро жана макроэволюция) кездешет. Микроэволюция түрдүн ичинде өтүп, аны өзгөртөт. Ал - татаал эволюциялык процесстин алгачкы этабы. Түр ичиндеги өзгөрүүлөр келечектеги жацы түрдүн башталышы болуп эсептелет да, акыры табигый тандалуу жана дивергенция процесстеринин натыйжасында жацы түргө айланат.
Түрдүн пайда болушунун жана биоценоздо орун алышынын бир канча жопу бар. Алардын ичинен кенен таралган жана толугураак изилденгендери-географиялык жана экологиялык жолдор. Жаңы түрдүн түзүлүшү менен микроэволюция аяктайт, бирок ал макроэволюциянын (турдон жогорку систематикалык топтордун түзүлүшү) негизин түзөт. Демек, тур - органикалык жаратылыштын тарыхый өөрчүшүндөгү сапаты жагынан өзгөчө, кайталанбоочу стадиясы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Түрдүн пайда болушу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.