Томас Манн (6.
6. 1875, Любек – 12. 8. 1955, Цюрих) – немец жазуучусу. 20-кылымдын сынчыл реализминин мыкты салттарын улап, Батыштын либерал интеллигенциясынын интеллектуалдык жана адеп-ахлактык изденүүлөрүн, буржуазиялык турмуштун бузулушун «Будденброктор» (1901) деген туңгуч романында кеңири чагылдырган. Биринчи дүйнөлүк согуш алдында буржуазиялык чөйрөнүн идеялык турмушу жөнүндө лирикалык маанайда жазылган «Сыйкырдуу тоо» романына (1924) Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1929). Мындан тышкары «Иосиф жана анын бир туугандары» (1933–43) тарыхый тетралогиясын, «Веймардагы Лотта» (1939), «Доктор Фаустус» (1947) философиялык романында буржуазиялык аң-сезимдин, маданияттын кедери кеткендигин баяндайт. Т. Манндын аңгемелери, макалалары, күндөлүктөрү да бар. Ал 20-кылымдагы роман жанрынын классиги катары таанылган. Чыгармалары: Собр. соч.: В 8 т. 1–10. М., 1959–61.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Томас Манн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.