Сулуу жана түрү суук (англ. Beauty and the Beast, орус.
Тасма Жин Мари Лепринс де Бимоң жазган француз жомогуна негизделген. Ал жомокту англис жана француз тилдеринде жазган. Ошондой эле 1946-жылы Жон Коктеу тарткан тасмадан да идеялар алынган. "Сулуу жана түрү суук"- текебердиги үчүн сыйкырдуу түрдө зөөкүргө айланган "түрү суук" жана сарайында камакка алган жаш сулуу бийкеч Беллдин ортосундагы мамилени баяндайт. Кайрадан канзаада болуш үчүн, түрү суук анын сүйүүсүнө ээ болушу керек. Болбосо ал түбөлүккө түрү суук бойдон калат. Тасмада үн коштогондор: Ричард Вайт, Жерри Орбах, Дэвид Огден Стирс жана Анжела Лансбюри.
Тасма дүйнө жүзү боюнча 425 миллион АКШ долларын табуу менен ийгиликке жеткен. "Сулуу жана түрү суук" сынчылардын жакшы сын-пикирлерине арзып, "Мыкты тасма -мюзикл жана комедия" категориясында "Алтын Гдобус" сыйлыгына ээ болгон жана "Оскар" наамына көрсөтүлгөн алгачкы анимациялык тасма болгон. Тасма "Мыкты музыка" жана "Мыкты ыр" категорияларында "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. 2002-жылы тасма "маданий, тарыхый, эстетикалык жактан маанилүү" деп табылып, Американын Улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган. Тасманын жаңыланган версиясы 2017-жылдын 17-мартында чыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сулуу жана түрү суук (тасма, 1991), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.