Сабактын түзүлүшү – бири-бири менен өз ара байланыштагы жана белгилүү бир иреттеги сабактын элементтеринин катнаштары.
Сабактын түзүлүшүн (структурасы) сабактын дидактикалык максатынан, окуу материалынын мазмунунан, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнөн жана башкалар көз каранды жана жөнөкөй да, ошондой эле кыйла татаал да болушу мүмкүн. Узак мезгилдер бою сабактын 4 элементтүү структурасы үстөмдүк кылып келген:
Мындай «катып» калган сабактын түзүлүшүн окуучулардын өз алдынча иштөө билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга, алардын окуу, таанып-билүүчүлүк иш аракетин активдештирүүгө жакшы өбөлгө түзө алган эмес. Анткени мында мугалимдин иш-аракети үстөмдүк кылып, ал маалыматтын негизги булагынын ролун аткарат да, окуучунун иш-аракети негизинен репродуктивдүү мүнөзгө ээ болот.
Ошондуктан кийинки мезгилдерде дидакттар Сабактын түзүлүшү боюнча төмөнкүдөй сунуштарды беришүүдө: бүтүндөй Сабактын түзүлүшүн дидактикалык подструктурага жана методикалык подструктурага бөлүнөт; дидактикалык подструктура 3 элементтен окуучулардын сабактын максатын аңдап түшүнүүсүнөн, таяныч билимдерди актуалдаштыруудан жана окуучулардын жаңы нерселерди үйрөнүүсүнөн турат; дидактикалык подструктура кандай гана сабак болбосун анын курумуна камтылат; методикалык подструктура мугалимдин өзүнүн кароосуна калтырылат. Сабактын структурасын аныктоого мындай мамиле кылуу анын ийкемдүүлүгүнө өбөлгө түзөт, мугалимдин чыгармачылык менен изденүүсүнө кеңири жол ачат.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сабактын түзүлүшү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.