Нагоя – Япониядагы шаар.
Тынч океандагы Исе булуңунун жээгинде, Хонсю аралынын борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Айти префектурасынын административдик борбору. Шаардын символу – лилия гүлү. Өлкөнүн негизги портторунун бири (жылына порт аркылуу 110 миллионт жүк ташылат; сырткы сооданын 1/2 инен ашыгы). Калкы 2,27 миллион(2012). Калкынын саны боюнча Осака, Токио, Йокогамадан кийинки 4-шаар. Метрополитен иштейт. Шаар – Токио менен Осакадан кийинки ири экономикалык жана маданий борбор. Оор, негизинен транспорттук машина куруу, түстүү металлургия, нефть-химиялык, текстиль (Япониянын текстиль өнөр жайынын 2/5 си туура келет), жеңил, электр-техникалык, тамак-аш, полиграфия, фарфор-карапа өнөр жай ишканалары иштейт. Аскер-деңиз арсеналы. Университет, музейлер (анын ичинен Токугава сүрөт, Нагоя сепилинин кенчи), сүрөт галереясы бар. Синтоисттердин Ацута чиркөөсү (биздин замандын башталышына туура келет), сепил (17-кылым) жана Тофукудзи храмы (8-кылым) сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нагоя, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.