Кош өпкөлүүлөр (лат.
буларга протептерус (Protopterus) жана лепидосирен (Lepidosiren) кирет. Алар негизинен кош өпкөсү жана жипке окшогон эшилген кош сүзгүчтөрү менен мүнөздөлөт. Денеси сүйрү келип, туурасынан кескенде жумуру. Мындан башка кош дем алуучулардын личинкасынын бакалоор капкакчасынын арт жагында куш жүн сымал төрттөн сырткы бакалоорлору да бар. Жайында кургап калуучу тузсуз сууларда жашайт. Жылдын мындай мезгилинде балыктар баткак менен денесин кокон сымал ороп, ылайга (баткакка) көмүлүп алышып уйкуга өтөт. Ушул учурда дем алуусу бошоң (араң) өпкөсүнүн жардамы менен жүрөт, аба өпкөгө оозунун карама-каршысында орун алган кокондогу атайын тешиктер аркылуу кирет. Жаан-чачын болгон учурда кокон эзилип кетет да, уктап жаткан балык кокондон чыгат. К. ө. дүйнөнүн ар башка бөлүктөрүндө таралган: протоптерус экватордук Африканын тузсуз сууларында, лепидосирен – экватордук Америкада (Амазонканын бассейнинде) кезигет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кош өпкөлүүлөр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.