Кристофер Кэйтсби (Кит) Хэриңтон (англ. Christopher Catesby Kit Harington; 26-декабрь 1986, Лондон, Англия, Улуу Британия) — англиялык актер.
Кит Хэриңтон англ. Kit Harington | |
Хэриңтон 2019-жылы | |
Төрөлгөндөгү ысымы: | Кристофер Кэйтсби Хэриңтон |
---|---|
Туулган датасы: | 26 -декабрь 1986 (37 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: | 2008 — азыркы учур |
IMDb: |
Ал Эктон, Лондондо төрөлүп өскөн. Хэриңтон актерлук чеберчиликти театралдык мектептен окуп, ошол эле учурда Улуттук театрдагы "Согуш аты" адаптациясында катышкан. Ал дебюттук түрдө "Сайлент Хилл: Ачылыш" (анг. Silent Hill: Revelation, 2012) тасмасында тартылган. Андан бери ал "Помпей" (анг. Pompeii, 2014), "Ажыдаарыңды кантип машыктырышың керек 2" (анг. How to Train Your Dragon 2, 2014) жана "Жаштыкты эскерүү" (анг. Testament of Youth, 2014) тасмаларында тартылган.
2011-жылдан бери Хэриңтон HBO телеканалындагы "Тактылар оюну" (анг. Game of Thrones ) телесериалында Жон Сноудун ролун аткаруу менен атактуулукка жеткен. Бул ролу үчүн ал 2016-жылы "Primetime Emmy" сыйлыгынын наамына көрсөтүлгөн. Ал эми 2017-жылы ал "Тактылар оюну" сериалынын ар бир эпизоду үчүн 2 миллион фунт табуу менен, телесериалдардагы эң көп төлөнгөн актерго айланган.
The Global Times жүргүзгөн интернет добуш берүүсүнө ылайык көрүүчүлөрдүн көбү режиссер Жеймс Хоң тарткан "Акыркы сеанс" (анг.The Last Seance ) аттуу тасма жана телесериал адаптациясындагы эң сүйүктүү баш каарманы Хэриңтонго добуш беришкен.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кит Хэриңтон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.