Витебск – Беларуссиянын түндүк-чыгышындагы шаар, Витебск облусунун борбору.
Калкы 374 600 миң (2015). Батыш Двина дарыясынын боюнда. Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар. Шаар 11-кылымда негизделген. 1101-жылдан Витебск княздыгынын борбору. 14-кылымдан Литва менен Польшанын, 1772-жылдан Россия империясынын, 191924-ж. РСФСРдин, 1924-жылдан БССРдин курамында. Благовещенск (12-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги Казан чиркөөлөрү (1760), Ыйык Троица Марк (14-15-кылым) жана монастырлар ансамбли (14-15-кылым), Успенье собору (15-кылым), иезуит коллегиуму (18-кылым), губернатор сарайы (18-кылым), ратуша (учурда край таануу музейи), турак-жай үйлөрү, Ыйык Варвара костёлу ж. б. бар. 1988-ж. «Амфитеатр» маданий-спорт комплекси, 20-кылымдын аягында Жеңиш аянты мемориалдык комплекси менен ачылган. Университеттер, ветеринария медицинасы академиясы (1924), артборбор (1992) жана М. Шагалдын үй-музейи, менчик коллекция музейи, театрлар иштейт. 1987жылдан эларалык заманбап хореография, 1992жылдан эл аралык «Славян базары» искусство фестивалдары өткөрүлөт. Станок куруунун жана жеңил өнөр-жайдын ири борбору. Металл кесүүчү, жыгаччылык станоктору, трикотаж буюмдар, радио деталдары, телевизорлор («Витязь»), ченөөчү приборлор, эмерек, буткийим («Белвест») ж. б. чыгарылып, килем токулат. Витебскге жакын чептердин калдыктары, И. Е. Репиндин парк чарбагы жайгашкан.
Калып:Беларусь-stub
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Витебск, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.