Куйруксуз жерде сууда жашоочулар (лат.
Азыркы убакта бул түркүмдүн 2000 ашык түрү бар, алар 256 тукумга, 16 урууга бөлүнөт. Куйруксуздар түркүмүнө кирүүчүлөр тулку бою кыска, моюну бөлүнбөгөн, чоңдорунун куйругу жок. Уруктануусу денеден тышкары сууда жүрөт. Сууга ташталган жумурткалары тоголок былжырак болушуп бири бири менен тыгыз байланышкан. Мисалы, көл баканыкы , ал эми кур баканын жумурткалары сууга тасма түрүндө созулуп ташталат. Жумурткаларынан куйруктуу көнөкбаштар өсүп чыгат. Аларда белгилүү бир убакыттын ичинде метаморфоз кубулушу жүрүп, буттары пайда болуп, куйруктары өспөй жок болушат. Бул абалда алар суудан сыртка чыгып, кайра сууга кирүүгө жөндөмдүү болот. Куйруксуздар пайдалуу жаныбарлар. Кыргызстанда бул түркүмдүн 4 түрү жашайт: көл бакасы, борбордук азия бакасы, курбака жана данатин курбакасы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Куйруксуз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.