Каракол музыкалык окуу жайы Ы.
Туманов атындагы – 1976-жылы ачылган. Окуу жайынан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада боюнча адистикке ээ болушат. 1994-жылы Ы. Тумановдун ысмы берилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыргыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшеналиева атындагы КМИИден окуусун улантат .Окуу жайы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл артисти Т. Жакшылыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эрдик, Т. Керимбеков жана башка бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклордук жана башка ансамблдер уюшулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Каракол музыкалык окуу жайы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.