Бөлүнүүчүлүк - бир сандын же көп мүчөнүн экинчи санга же көп мүчөгө калдыксыз бөлүнүүсү.
Эгер бүтүн 2 оң сандын бири (бөлүнүүчү) экинчисине (бөлүүчүгө) калдыксыз бөлүнсө, анда алардын бири экинчисине карата эселүү болот. Өзүнө жана бирге гана бөлүнгөн сан - жөнөкөй сан, андан башка да бөлүүчүлөрү болгон сан курама сан деп аталат.
Курама сан жөнөкөй көбөйтүүчүлөргө ажырайт. Эгер курама сандын жөнөкөй көбөйтүүчүлөрүнүн ичинен жөнөкөй р саны кездешсе, анда и саны р га калдыксыз бөлүнөт.
Бөлүнүүчүлүктүн бир канча белгилери бар. Алардын ичинен практикада көп колдонулгандары төмөнкүлөр: акыркы цифрасы 2ге бөлүнгөн сандар 2ге бөлүнөт; цифраларынын суммасы Зкө, 9га бөлүнгөн сандар Зкө, 9га бөлүнөт; 5кө бөлүнүш үчүн сандын акыркы цифрасы 0 же 5 болушу керек; сандын акыркы эки цифрасынан түзүлгөн сан 4кө бөлүнсө, ал сан 4кө бөлүнөт ж. б. Эгер эки сандын эң чоң бөлүүчүсү бир болсо, андай сандар оз ара жөнөкөй деп аталат. Өз ара жөнөкөй болгон эки санга бөлүнгөн сан алардын көбөйтүндүсүнө да бөлүнөт. Бөлүнүүчүлүктүн белгилери ушуга негизделген.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бөлүнүүчүлүк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.