Уси - Кытайдын чыгышындагы шаар.
Цзянсу провинциясында. Янцзы д-нын жана Улуу каналдын боюнда. Калкы 1,2 млн (2010, агломерациясы менен 2,2 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (пахта, жүн, жибек кездеме ж. б.) өнөр жайынын ири борбору. Машина куруу (а. и. кир жуугуч, телевизор), электроника, металлургия, химиялык, тамак-аш, жеңил өнөр жай ж. б. ишканалары иштейт. ЖОЖ (Технол. институт), Будда статуясы, Гранд-опера театры, музей, эс алуу парктары ж. б. бар. Шаар б. з, ч. 202-ж. негизделген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Уси, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.