Нуриев Рудольф Хаметович (17.
3. 1938, Иркутск – 6. 1. 1993, Париж) – советтик жанабритандык балет артисти, балетмейстер. Бала чагынан эле Уфа шаарында балдар фольклордук ансамблинде бийлеп жүргөн. 1955-жылы Ленинград хореографиялык окуу жайында А. Пушкиндин классында бирди окуган. 1958-жылдан С. М. Киров атындагы (азыркы Мария) опера жана балет театрында балет солисти. 1961-жылы Парижде гастролдо болуп, СССРге кайтпай калып калган. Нуриев 15 жылдан ашык Лондондук Королдук балетте иштеп, дүйнөлүк атакка ээ болгон, англиялык балерина Марго Фонтейн менен дайыма бийлеген. Бүткүл дүйнөнү кыдырып (Европа, АКШ, Япония, Австралия жана башка) бийлеп чыккан. 1983–89-жылы Нуриев париждик Граноперанын балеттик труппасынын директору болгон. Иркутскиде Нуриевдин мемориалдык тактасы орнотулган. Уфа шаарында жыл сайын Р. Нуриев атындагы балет искусствосунун эл аралык, Казанда 1987-жылдан Р. Нуриев атындагы эл аралык фестивалдар өткөрүлүп турат. Башкыр мамлекеттик опера, балет жана хореографиялык окуу жайы анын ысмында.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рудольф Нуреев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.