Медельин

Медельин – Колумбиянын түндүк-батышындагы шаар.

Антьокия департаментинин административдик борбору. Абурра өрөөнүндө, Борбордук Кордильерада, 1495 м бийиктикте жайгашкан. Шаарды Медельин дарыясы аралап агат. Калкы 2,3 млн (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Санта-Фе-де-Богота шаарынан кийинки 2-шаар; агломерациясы менен 3,4 млн). ПанАмерика шоссесиндеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Испандар тарабынан 1646-жылы негизделген. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19–20-кылымдын курулуштары басымдуу. Чиркөөлөр, соборлор, ратуша ж. б. бар. Колумбиянын индустриялуу ири борборлорунун бири. Бир нече ири улуттук банктардын, компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Өнөр жайынын алдынкы тармактары: жеңил (анын ичинде текстиль, тигүү, булгаары– бут кийим), тамак-аш, курулуш материалдары жана химиялык Тоо-кен (алтын, күмүш ж. б.), текстиль өнөр жайынын жана кофе соодалоонун борбору. Медельин илим менен билимдин жана маданияттын маанилүү борбору. Университеттер жана алардын кампустары, калк китепканалары, институттар, театрлар, музейлер, планетарий бар. Ботаникалык бак уюштурулган. Жыл сайын эл аралык фестивалдар, гүлдөр көргөзмөсү жана «Фиеста Брава» карнавалы өткөрүлүп турат. Шаардын четинде алтын, күмүш, таш көмүр казылып алынат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Ажал ордунаСинтаксисТыбышБиринчи мугалимГалогендерТелескопКулмырза менен АксаткынУлуу Ата-Мекендик согушАлмамбет«Жаңыл Мырза»СуюктукГеометрияОш облусуЖердин айлануусуЖусуп БаласагынЖер-суу реформасыБаяндоочАкматбекова, СагынСүймөнкул ЧокморовКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыСын атоочОсмон империясыЧолпонЖеңиш КүнүСууга чөгүүТаң алдында (роман)Даникеев, ӨскөнСүйлөм мүчөлөрүАлыкул ОсмоновКыргыз сомуИч көбүү (метеоризм)Электрондук почтаБасым (физикалык)ТамактанууPythonРысбай ИсаковБиринчи дүйнөлүк согушРефератКыргызстандагы металлдарЭс алууТаштандыларды жок кылууАлай районуКурманжан ДаткаКыргызстандын гимниДилбаянПедагогикаАйКокон хандыгыИндия«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруУсубалиев Турдакун УсубалиевичАпрель революциясыКыргыздын чен бирдиктериФерментКыргыздардын тарыхыТүлөбердиев ЧолпонбайОюнТике сөзУбакытМуун (лингвистика)Курактык өзгөчөлүкАтакенин ак болотуСабатсыздыкты жоюуАлмамбеттин баяныМамбетимин уулу КазыбекЯндексМейкиндикМанас КүмбөзүКыргызстандын гербиКарышкырларПластмассаАт жабдыктарыАйкындоочГепатит АТогуз коргоолКан айланууОндук эсептөө тутумуЭлдик педагогика🡆 More