Граниттүү-Тоо коргошун жана цинк кени Чүй облусунун Панфилов р-нун аймагында, Сосновка кыштагынан түштүк-батыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Аспара суусунун төмөнкү алабында.
Кендин аймагында соңку ордовик мезгилинде жиреп чыккан гранитоид массиви бар. Алар тектоникалык терең жаракалар менен тилмеленген. Руда тилкеси кварцташып, серициттешип өзгөргөн тоотектердин арасында линза, тарамча, уя түрүндө түндүк-батышка созулуп жатат. Узундугу 1,2 кмге чейин. Кенден 63 минерал табылган. Негизгилери: галенит, сфалерит, пирит, халькомагнетит, магнетит, халькозин, анкерит, сидерит, гематит, молибденит ж. б. Руданын текстурасы массивдүү, сепкилдүү, тарамча-бүртүкчөлүү. Руда тулкусу 80–85° бурч менен тик жантаят.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Граниттүү-Тоо коргошун жана цинк кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.