Гидроаккумулятор электр станциясы (ГАЭС) – башка электр станцияларынан алынган электр энергиясын суунун потенциалдык энергиясына өзгөртүп, керек учурда кайрадан электр энергиясына айландыруучу гидроэлектрстанция.
ГАЭС түтүк өткөргүчтөр менен туташтырылган биринен-бири бийик жайгашкан эки бассейнден турат. ГАЭСтин ичинде насос менен сууну төмөнкү бассейнден жогорку бассейнге соруп толтурат. Электр тогу керек болгондо суу жогорку бассейнден түтүк өткөргүчтөр аркылуу генератордук режимде иштөөчү ГАЭСтин агрегаттарына барып, аларды кыймылга келтирет. Аккумуляцияланган (чогулган) энергиянын чоңдугу бассейндин сыйымдуулугуна жана жумушчу басымга жараша болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гидроаккумулятор электр станциясы (ГАЭС), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.