Герменевтика (грек тилинде hermёneutikе түшүндүрүү, талкуулоо) – котормочулук, түшүндүрүүчүлүк өнөрү (Гермес – байыркы грек мифологиясында кудай менен адамдардын ортосундагы ортомчу болгон), байыркы доордун, Библиянын ж.
б. эзелки классикалык тексттерди (көптөгөн символдорун, кыйытып, каймана айтылгандарды) талдап чечмелөө теориясы. Кайра жаралуу заманы калыптангандан тартып, антикалык маданий эстеликтерди заманбап маданияттын жандуу тилине которуу классикалык филологиянын өзгөчө өнөр тармагы катары карала баштаган. Герменавтика – түшүнүүнүн жана түшүндүрүүнүн окуусу. 19-кылымдан тартып рух жөнүндөгү илимдин методологиясы болуп калды.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Герменевтика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.