Бөртө (болжол менен 1154–1230/31) – Чынгыз хандын жубайы.
Коңурат уруусунун башчысы Дай (Тай) мырзанын кызы. Кыят ичиндеги боржиген (бөрүтегин) уруусунун баатыры Есугей 9 жашар уулу Темүчинди (келечектеги Чыңгызхан) коңурат элине ээрчитип барып, эзелки түрк салты боюнча Бөртөгө куда түшөт. Көп узабай Есугей кайтыш болуп, Темүчин көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Эр жеткен соң, болжол менен 1178-ж. Бөртөнү издеп барып, алып кайтат. Бирок ошол кезде Темүчиндин айылына меркиттер кол салып, Бөртө туткундалып кеткен. Темүчин атасынын досу, Керей хандыгынын ханы Тогрул (Ван хан) менен жажират уруусунун ноёну, өзүнүн досу Жамуханын жардамы менен Бөртөнү бошотот. Чынгыз хан Бөрөдөн 4 уулдуу болгон: Жучу (1182-1227), Чагатай (1183-1242), Үгөдөй (1185-1241), Төлө (1193-1256) жана аларды өзүнүн мураскорлору катары тааныган. Алар Чынгызхандын баштаган иштерин андан ары улантуу менен, түрк-моңгол элдеринин тарыхында чоң из калтырган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бөртө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.