Бакча өсүмдүктөрү - ашкабактар тукумундагы эгилме өсүмдүк тобу (дарбыз, коон, ашкабак ж.
б.). Азия, Африка жана Американын тропик, субтропик өлкөлөрүнөн алынып келген. Алар төшөлүп же чырмалып өсөт. Жылуулукчул (25-30°С) өсүмдүктөр. Кыргызстанда которуштуруп айдоо жолу менен эгилет, дын жерге, кысыр адызга айдаса көп түшүм берет. Алар бышканда желет (дарбыз, коон), куурулуп, бышырылып, маринаддалып (ашкабак, кабак, патиссон), кургатылат. Цукат, бал, пюре алынат. Тоют катары (ашкабак, тоют дарбызы, коон) жаңы кезинде же саман, жүгөрү ж. б. кошуп, силостолуп берилет. Дарбыз, коон, ашкабак данынан май алынат. Зыянкечтери: бакча бити, бакча элкайдакөчөтү, шалбаа көпөлөгү, дарбызчы чымын. Илдеттери: акчирик, карачирик, фузариоз, антракноз.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бакча өсүмдүктөрү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.