Достук — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл.
Өзүнөн гана турган Достук айыл аймагына кирет.
Достук | |
Өлкө | Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | 750 (2009) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +6 |
1968-жылы Ат-Башы ГЭСинин курулушуна байланыштуу негизделип, анда иштеген көп улуттун өкүлдөрүнүн достугунун символу катары аталган. Орто Нарын өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Байбиче-Тоонун түндүк этегинде, Ат-Башы суусу менен Нарын дарыясынын кошулган жеринде, деңиз деңгээлинен 1910 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. Облустун борбору Нарын шаарынан 32 км батышта. Калкы 777 (2007); негизинен Ат-Башы ГЭСинде эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана жана башкалар бар. Тегирмен, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Достук (Нарын району), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.