Лестер шаары – Улуу Британиядагы ири шаарлардын бири.
Англияда. Чыгыш Мидлендде. Лестершир графтыгынын административдик борбору. Унитардык шаар түзүлүш статусуна ээ. Калкы 296,6 миң (2010; конурбациясында 440 миң; көп улуттуу). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Шаар 50-ж. рим чеби катары негизделген. Ыйык Николай чиркөөсү (9–13-к.), Лестер сепили комплекси (11–12-к.), кампа дарбазалары (1410-ж. чен), шаардын тарыхый бөлүгүндө Ыйык Мартин собору (12–15-к.), Тринити оорукана комплекси (14-к.), «Ханыша Елизавета» мектеби (1573), неоготика стилиндеги «Саат мунарасы» (1868) жана башкалар сакталган. Шаардын тейлөө чөйрөсүндө калктын 70%и эмгектенет. Китеп басып чыгаруу, дизайн жана жарнама бизнеси өнүккөн. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу, электр-техника, тамак-аш. Университеттер (1921), Лестер ислам академиясы (1981), бир нече коллеждер, атайын мектептер, галерея, музейлер, китепканалар бар. Жыл сайын Шаар күнү, комедия фестивалы, Кариб карнавалы, «Дивали» индей майрамы жана спорттук ар кандай мелдештер өткөрүлүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лестер шаары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.