Роман Көк Асаба

Көк асаба романын тарыхый роман деп атоо анча так болмок эмес.

Анткени,тарыхый чыгарма болуш үчүн бир катар шарт ишке ашуу керек экендигин эстейли. Ошол себептен бул чыгарманы тарыхыйчылыкка талапкер чыгарма катары мүнөздөө чындыкка бир аз жакыныраак болчудай. Орто кылымдардын башындагы (6–8 к.). Эл турмушун, сырткы баскынчылардын кол салуусуна каршы туруп, элдин биримдигин жана өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн жүргүзгөн күрөшүн эпикалык ыкмада көркөм чагылдырган чыгарма. 1971-ж. жазылып бүткөн, бирок көп жылдар боюу жарык көрбөй, 1989-ж. маалымдуулук учурунда гана басылып чыккан. Кыргыз элинин орто кылымдардагы тарыхы боюнча маалыматтар өтө аз экендиги жана илимпоз тарыхчылар арасында ал мезгил боюнча карама-каршы пикирлер бар экендиги белгилүү. Ошол себептен Т. Сыдыкбеков чыгарманы жаратууга илим булактардан сырткары элдик оозеки чыгармаларга жана санжырачыларга кайрылган.

Көк асаба
Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков
Өлкөсү Роман Көк Асаба ССРС
Тили кыргыз
Чыккан жылы 1989

Чыгармада прозачы кыргыз элинин эзелин замандагы турмуш-тиричилигин, салт-санаасын, жеңишин жана жеңилүүсүн, кубанычын жана трагедиясын, айтор мезгил бүктөмүндө калып кеткен, айрым бир бүдөмүк элестери элдин оозеки чыгармаларды гана сакталып келаткан, буга чейин көркөм сөз чеберлеринин эч кимисинин колу тие элек. Алыскы доордун реалдуу элестерин жаратуу үчүн Т. Сыдыкбеков бирге жазма эстеликтери аркылуу жеткен адам аттары жана уруу аталыштары, аскердик титулдар жана курал-жарак, ырым-жырым жана реликвиялар сыяктуу этнографиялык элементтерди чыгармага киргизген. Бул өңдөгөн атрибуттар кайсы бир даражада чыгармага архаикалык мезгилдин колоритин киргизбей койгон эмес. Ошону менен бирге, автор тарабынан “тарыхый роман” катары аныктама берилген бул чыгарманын жанры боюнча адабиятчылар арасында түрдүү көз караштар бар. Алардын айрымдары реалисттик тарыхый роман үчүн чыгармада тарыхый этнографиялык атрибуттар болушу гана жетишсиз, эң башкысы анда сүрөттөлгөн доордогу тарыхый дух, атмосфера чагылышы шарт деп эсептелип, “Көк асаба” чыгармасын тарыхый дастан жанрына таандык кылышат.

Бөлүмдөр

1-бөлүм

1-бөлүм бүт бойдон Эр-Киши менен Жаш Тегиндин саякатына арналган. Бул жөнөкөй саякат эмес, бир эле учурда мезгил жана мейкиндик аркылуу жол жүрүү сыяктуу. Анткени бул жүрүш Жаш Тегинге турмушту жана тарыхты таанытуу максатын көздөгөн.

2-бөлүм

2-бөлүмүндө элдин турмуш-тиричилиги, каада-салты сүрөттөлгөн. Эзелки замандагы эл турмушунун рухун ачып көрсөтүү үчүн жазуучу тарыхый ретроспективаларды колдонгон.

3-бөлүм

Ал эми 3-бөлүм – согуштук эпизод. Анда түздөн-түз эки аскердин кагылышы, кол башчылар Элтерес менен Эр-Кишинин аскердик тактикасы көрсөтүлөт. Автордун сүрөттөөсүндө Адылтай ажонун башкы максаты-кыргыз урууларын бириктирүү, көк асабанын алдында баш коштуруп, жеңилбес күчкө айландыруу.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы, Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004

Tags:

Роман Көк Асаба БөлүмдөрРоман Көк Асаба Колдонулган адабияттарРоман Көк АсабаСыдыкбеков Түгөлбай

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Каакым-кукумБашкы баракМексикаФотосинтезКыргыз композиторлоруЖыл сүрүү жадыбалыБиоценоздогу организмдер байланышыЖалал-АбадПедагогикаОрусияҮчтүк союзКызматчы сөздөрМыйзам (укук)ӨсүмдүкЧолпонЖапый уулу ТыныбекАлгачкы коомBooking.comТууранды сөзЭкологиялык факторлорЖоомарт БөкөнбаевАкынТүндүк АмерикаКубанычбек МаликовБиосфераКошмок сөздөрОсмонкул БөлөбалаевТери ооруларыЫсык-КөлСолтоноев Белек Солтонкелди уулуАлымбек даткаӨзбекстанКыргыз аттарыАлгачкы СоветтерКалендарьХлорЧүй облусуКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыИнтернетШах Фазил күмбөзүКыргыз киносуАалы ТокомбаевЛирикаТүштүк КореяСулайман-ТооЛексикографияМар БайжиевНерв тутумуКыргызстандын шаарларыАң-сезимЧуст маданиятыЖакиев БексултанАла-Арча Улуттук ПаркИч көбүү (метеоризм)Сооронбай ЖусуевАба транспортуОшБаяндоочМейкиндик жана убакытАянтМорфологияЖайлооАндронов маданиятыБишкек чебиБасымФевраль революциясы (1917)НеологизмдерЧакчылАт жабдыктарыБагыныңкы сүйлөмҮй-бүлөЧоң-Алай тоо кыркасыМейкиндикЛексикологияФизикалык чоңдуктардын бирдиктериНоорузДаван мамлекетиОмофондорКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик Республикасы🡆 More