Вольта - Батыш Африкадагы дарыя.
Вольта Кара жана Ак Вольта дарыясынан куралат.
Уз. (Кара Вольта м-н) 1400 — 1600 км. Алабынын аянты 388 миң км2. Ири куймалары: Оти, Дака (сол), Афрам (оң). Жаан-чачын (сент.— окт.) мезгилинде ташкындап, децгээли 14 м ге чейин көтөрүлөт. Февраль—март айларында тартылат. Ири соода порттору: Кете-Крачи, Кпонг, Кпанду ж. б.
Вольтада ири Акосомбо ГЭСи (0,6 млн кет, Ганада) курулган.
Кара В. Бобо-Диуласо шаарынын (Буркина-Фасо) жанындагы дөңсөөлөрдөн башталып, Ак Bольта кошулганга чейин кристаллдык платодогу кенен өрөөн, ортоңку бөлүгүндө Гананын Буркина-Фасо жана Кот-д’Ивуар өлкөлөрү менен болгон чегаралары (бул бөлүгү босоголуу), андан ары Акосомбо шаарына чейин түздүк аркылуу агат. Бул бөлүгүндө 1964-ж. плотина курулуп, Bольта өрөөнүндө Вольта суусактагычы пайда болгон. Чатына 110 км калганда деңиз боюндагы ойдуң аркылуу агып, Гвинея булуңуна куярда саздуу дельтаны пайда кылат. Суусунун орточо чыгымы чатында 1288 мъ/сек. Ири куймасы Оти (сол). Балык кармалат. Чатынан 400 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ири порттору: Япеи (Тамале-Порт; Ак В-да), Кете-Крачи, Акосомбо. ГЭС курулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вольта, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.