Молдо Багыш Сарыбай уулу (1888-1937) — 1888-жылы Аксы аймагындагы Авлетим айылында туулуп, үч айлыгында энеден, үч жашында атадан жетим калат.
Молдо Асандын үйүндө жүрүп сабатсыздыгын жойгон. 1930-жылдары сүргүндө болгон. Анын улуу акын Токтогул, Женижок, Эшмамбет жана казактын улуу акыны Жамбыл менен айтышкандары сакталып калган.
Молдо Багыштын жазган ырлары араб арибинен которулуп, 1998-жылы «Абак дептери» деген ат менен жарык көрдү. Китепке түрмөдө жазган санат-насыят ырлары топтолгон.
Акын 1937-жылы Аксыдагы Кичи-Акжол айылында каза болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Молдо Багыш Сарыбай уулу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.