Мексика революциясы (1910-1917) — феодалдык калдыктарга, репрессиялык аскер-полиция режими жана чет элдик монополия эзүүсүнө карты чыккан буржуаздык-демократиялык революция.
Бул революция агрардык маселени чечүү, Мексиканын өз алдынчалыгына империализм туудурган коркунучту алдын алуу максатын көздөгөн.
1910-ж. ноябрда өлкөнүн көп жеринде куралдуу кыр көрсөтүүлөр чыккан. Революциянын кулач жайышынан чочулаган АКШ Мексикага эки жолу (1914, 1916) куралдуу интервенция жасаган, бирок анысы ийгиликке жетишкен эмес. Либерал помещиктер менен буржуазияга мүдөөлөш В. Каррансанын өкмөтү (1914—1920) социалдык реформалар жүргүзүү жана агрардык маселени чечүү программасын иштеп чыкпай, ошондон улам өлкөдө граждандык согуш башталган. Карранса дыйкандардын В. Вилья, Э. Сапата башкарган армиясын талкалаган. Куралдуу күрөш токтой электе Керетаро шаарында өткөн Уюштуруу чогулушунда (1916-ж. декабрынан — 1917-ж. январы) буржуазия-демократиялык конституция кабыл алынып, Мексика революциясы аяктаган.
Ал конституция прогрессчил реформаларды жүзөгө ашыруута, чет элдик монополиялардын мүлкүн мамлекеттештирүүгө жана башкаларга өбөлгө түзгөн (к. Мексика макаласы, Тарыхы).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мексика революциясы (1910-17), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.