Мамедкулизаде Жалил (ылакап аты – Молла Насреддин; 22.
2. 1866, Нахичевань-на-Араксе – 4. 1. 1932, Баку) – азербайжан жазуучусу, коомдук ишмер. 1887-жылы Гори мугалимдер семинариясын бүткөн. 1898-жылы Ереванда, 1903-жылдары Тбилисиде азербайжан тилинде чыкчу «Шарки рус» («Орус чыгышы») жана большевиктердин «Кавказский рабочий листок» газеталарында иштеген. Ал ошол эле учурда фельетончу катары да таанылган. 1905-жылдары өз күчү менен басмакана ачып, «Молла Насреддин» сатиралык журналын негиздеген жана чыгарган (1906–31). Мамедкулизаденин көрүнүктүү чыгармалары: «Эшектин жоголушу» (1936), «Почта ящиги» (1903), «Ирандагы конституция» (1906), «Курбан-Алибек» (1907), «Козу» 1914), «Молдо Фазл-Али» (1925), «Эки күйөө» (1927) ж. б. «Өлүктөр» (1909), «Жиндилердин жыйыны» (1936) деген комедияларында дин кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарын ашкерелеген. «Кеманча» (1920) пьесасы армян жана азербайжан элдеринин достугуна арналган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жалил Мамедкулизаде, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.