Мырзабаев Артык (1930-жылы т., Кызыл-Аскер айылы, азыркы Бишкек ш.
- 30.1.2005) – опера ырчысы (баритон), Кыргыз ССР эл артисти (1962), СССР эл артисти (1967).
Артык Мырзабаевич Мырзабаев | |
Туулган датасы | 11 -май 1930 |
---|---|
Туулган жери | |
Өлгөн датасы | 30 -январь 2005 (74 жаш) |
Өлгөн жери | Бишкек ш., Кыргызстан |
Өлкө | СССР → Кыргызстан |
Кесиптери | камерлүү ырчы, опера ырчысы, музыкалык педагог |
1954-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын В. В. Корнеевдин классы боюнча бүтүргөн. Ошол эле жылдан Кыргыз мамлекет опера жана балет театрында солист. Мырзабаев кооз тембрлүү үнү бар, вокалдык техникага бай артист.
Семетей, Токтогул (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Айчүрөк», «Токтогул»), М. Фрунзе (В. Власов, «Таң атаарга бир саат калганда»), Артём (С. Ряузов, «Ак шумкар»), Онегин (П. Чайковский, Евгений Онегин), князь Игорь (А. Бородин, «Князь Игорь»), Фигаро (Ж. Россини, «Севилдик чач тарач»), Данияр (М. Раухвергер, «Жамийла»), Самүдүн (Н. Давлесов, «Аста секин колукту»). М. Даргомыжский, Глинка, Свиридов, Шостакович жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын да жакшы аткарган.
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Россия, Кытай, Моңголия, Польша, Сирия, Венгрия, Канада жана башкалар чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Артык Мырзабаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.