Музыка Жаз

Жаз (музыка) (англ.

jazz) - профессионал музыка өнөрүнүн түрү.

Жаз музыкасынын типтүү формалары: фокстрот, блюз, уанстеп, чарлстон, танго, румба, бушвуш, рок-н-ролл ж. б. Жазды АКШнын негрлери европалык жана африка музыкалык элементтерин айкаштырып, 19-кылымдын акырында чыгара баштаган.

Негизги очогу - Нью-Орлеан ш. Л. Армстронг, К. Оливер, Ж. Доде ж. б-лар негиздөөчү катары эсептелген. Андан кийин саксофон, труба, тромбон тобундагы үйлөмө аспаптардан турган свинг стили пайда болот.

Көрүнүктүү өкүлдөрү: Д. Эллингтон, Ф. Хендерсон, Г. Шуллер, Д. Эванс, Ч. Ллойд ж. б. 20-кылымдын 20-жылдары Жаз АКШдан башка өлкөлөргө тарай баштайт. Бирок өз алдынча нагыз коллективдер 40-50-жылдары гана уюшулат. Буга Ж. Данкворт (Англия), М, Легран (Франция), К. Влах жана Р. Бром (Чехословакия), К. Комеда (Польша) ж. б. оркестрлери мисал. СССРде В. Парнах, А. Цфасмаи, В. Лансберг, Л. Теплицкий жетектеген коллективдер Жаз музыкасынын баштоочулары катары таанымал.

1929-ж. Л. О. Утёсов жетектеген Мамлекеттик эстрадалык оркестр советтик Жаз стилинин калыптанышында чоң роль ойногон.

30-жылдары Н. Варламовдун, Я. Скоморовскийдин, Э. Рознелдин, 50-жылдары А. Товмасян, Н. Громин, А. Зубов ж. б. ансамблдери Жаз музыкасына кыйла салым кошкон. Ыкчам интонациядагы көп шаңдуу ритмге, аткаруучулук эмоцияга бай Жаз ыкмасында И. Дунаевский, К. Караев, Р. Щедрин, М. Кажлаев, А. Петров ж. б-лар бир нече ыр, бий музыкасын жазган.

Кыргыз музыкасында жаз жанрын өнүктүрүүгө аракеттер болгон. Айрым чыгармалар да жазылган, бирок алар угармандардын колдоосуна алынбай келүүдө.

Колдонулган адабияттар

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

Tags:

Англис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Шүкүрбек БейшеналиевКазакстандагы суу ташкыны (2024)ГүлсаратМамлекетЖарым өткөргүчАлмаИсламПолот ханСемантикаҮй-бүлө социологиясыБарпы АлыкуловЖакшылыков АсанАрхаизмЖасалма интеллектМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыКен байлыктарЭпикалык текСинтаксисАк кууларИнтернетКыргыз Республикасынын экономикасыЛатын АмерикасыМутацияКыргызстандын мамлекеттик тилиДем алууТянь-Шандын түндүк тизмегиКеңештер БирлигиМенеджментЭлектр тогуАлай тоо кыркасыКлиматАялдардын улуттук баш кийимдериБиринчи майБалыкБайыркы Египет маданиятыКурманжан ДаткаЖердин экологиялык маселелериКыргыз Республикасынын президентиБеш миң сомКасым ТыныстановКызылча (оору)Деңиз деңгээлиКыргыз Республикасынын БаатырыЖамийла (повесть)Апрель революциясыКаакымКызматчы сөздөрКемитүүБөйрөк оорусуЧернобыль авариясыТажикстанБишкекМүчөЮпитерДилбаянИманалиев Элмирбек КалиловичГазТабышмакАккууБазар экономикасыЭлектр энергетика системасыИррационалдык санЭлектр каршылыгыМанас эпосунун өзөктүк окуяларыВектор«Замана» агымыМурунTik TokУкраинаСыдык уулу ОсмонаалыАтайын салыштырмалуулук теориясыАнатай ӨмүркановСот бийлигиКыргызстандагы жаныбарларКыргыз сомуКылым карытар бир күнАсан Кайгы🡆 More