Свен Андерс Гедин (швед.
Sven Anders Hedin; 19 февраль, 1865, Стокгольм — 26 ноябрь 1952, Стокгольм) – швед саякатчысы, тарыхчысы, географы, журналисти, жазуучусу жана коомдук ишмери. Саякаттар менен Памир-Алай, Тибет аймактарында бир нече ирет болгон европалык окумуштуу. Алайлык кыргыздардын арасында болуп, алардын уруулук курамы, жайгашуусу, кыргыз маданияты, музыкалык өнөрү боюнча маалыматтарды берген. Свен Гедин теги байыркы стокгольмдук бюргерлер үй-бүлөсүнөн чыккан. 1886-1934-жж. аралыгында Тибет жана Орто Азияга чоң эккспедициялар менен илимий саякатка чыккан. Саякат учурунда ал картага көптөгөн тарыхый эстеликтерди, аймактын физикалык ландшафттарын түшүргөн, анын натыйжасында дүйнөлүк картада көптөгөн “ак тактарга” түзөтүүлөр киргизилген. Мисалы, бир гана Тибетте 17 миң чарчы километр жерди картага түшүргөн. Памирге болгон саякатында Гединди оштук кыргыз Исламбек деген жигит коштоп жүргөн жана анын зээндүүлүгүн Свен Гедин абдан жогору баалаган. Исламбек экспедиция учурунда бир нече ирет Свен Гединдин өмүрүн сактап калган экен. Экспедиция учурунда кыргыздардын боз үйүндө түнөгөн С.Гедин кыргыздардын комуз черткенин, комуздун үнүнүн “муңдуу жана монотондуу болгонуна карабастан, сезимге жана азиаттык маанайга толо экендигин жана комуз күүсүн ырахаттануу менен уккандыгын” жазат. Кыргыздардын уруулук түзүлүшүн, уруулардын жайгашуусун ж.б. жазган. Гедин өзүнүн күндөктөрүндө тейит, чала тейит, кара тейит, найман, кыпчак сыяктуу кыргыз урууларын жазат. Бул аймакка бүгүнкү Чоң Алай, Жерге-Тал, Мургаб тараптагы жашаган кыргыздардын жерлери кирген. Свен Гедин швед королу дворян титулун ыйгарган акыркы адам болгон (Титулду1902-ж. алган. Формалдуу түрдө дворяндык институт Швецияда 1975-ж. жоюлган). 1920-1930 жж. аралыгында Свен Гедин дүйнөдөгү эң белгилүү шведдердин бири болгон, анын китептери дүйнөнүн көп жерлеринде (анын ичинде СССРде да) басылып чыгарылган. Анын Азияга болгон саякаттары көптөгөн “кабинеттик” изилдөөчүлөрдү, анын ичинде Аурель Стейнди да шыктандырып, алардын саякат кылуусуна себепчи болгон. Консерватордук көз караштагы Свен Гедин пангермандык кыймыл менен байланышта болуп, биринчи дүйнөлүк согушта германофилдик позицияны колдогон. Экинчи дүйнөлүк согушта (1940-1945 жж.) фршисттик Германияны колдогон китеп жана макалаларды жарыялап турган. А.Гитлер Свен Гединди жаш кездеги кумири жана досу катары эсептеген. Ошол эле учурда Свен Гединдин өтүнүчү аркылуу бир канча еврей үй-бүлөлөрү өлүмдөн сакталып калган. 1940-ж. башында Свен Гедин антиамерикалык китепти басмага даярдаган. Бирок, Германияда китепти жарыялоодон баш тартышкан. Себеби, китепте Гедин канында еврейдин каны бар экендигин мойнуна алган жана андан баш тартпай тургандыгын белгилеген эле. Бирок, согуштун аягында А.Гитлер өзүн өзү өлтүргөндө, Свен Гедин “Дагенс Нюхетер” гезитине аны мактаган некролог жарыялаган. Согуштан кийин анын өтүнүчү менен Норвегияда жетекчилик кылган немец генералы Фалькенхорстдун күнөөлөрү кечирилген (өлүм жазасы 20-жылдык түрмөдө камоо өкүмү менен алмаштырылган, көп өтпөй эркиндикке чыккан). Анын жеке архиви Швециянын мамлекеттик архивдеринде сакталып турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Свен Андерс Гедин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.