Стамбул, сейрек колдонулган ― Ыстанбул (түрк.
İstanbul) – Түркиянын эң чоң шаары.
Мурдагы Византиянын жана Осмон султандыгынын борбор шаары.
Түркчө аталышы -- "Истанбул" (İstanbul). Шаардын байыркы византиялык (грекче) аты "Константинопол" болчу.
Стамбул | |
түрк. İstanbul | |
Файл:Istanbul Montage 2016.png и ISS043-E-159631 - View of Earth.jpg | |
Өлкө | Түркия |
---|---|
Мэр | Экрем Имамоглу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү | б.з.ч. 667-ж. |
Мурунку аталышы | Константинопол |
Аянты | 5343 |
Бийиктиктиги | 100 |
Калкы | |
Расмий тили | түрк тили |
Калкынын саны | ▲ 13 854 740 (2012-жыл) |
Жыштыгы | 2480,9 адам/км2 |
Диний курамы | ислам |
Этнохроним | Стамбулдук |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +2 |
Телефон коду | +90 212 (Европа бөлүгү) |
Почта индекси | 34010-34850 |
http://www.ibb.gov.tr/ |
Стамбул шаарынын ордундагы байыркы шаар "Бизантинум" (Byzantium; грекче: Βυζάντιον, Byzántion) деп аталган. Аны болжол менен б.з.ч. 600-жылдын тегерегинде мегариалык гректер негиздешкен. Шаар аты "Бизас" деген кишинин атына байланыштуу делген имиш бар. Аны тракиялык же иллириялык болчу деген да жоромол бар.
Римдик падыша Улуу Константин бул шаарды б.з. 330-жылы Рим империясынын чыгыштагы борбору деп жарыялаган. Ошондон тартып шаар "Константинопол" (Constantinople, грекче: "Κωνσταντινούπολις" -- Константинополис), б.а. "Константиндин шаары" деп аталып калган.
Кийин шаар ортодокс христиандар негизги калкын түзгөн Византия империясынын борбору болуп калган.
Сегиз аптага созулган камалоодон соң, 1453-жылы 29-майда бул византиялык борбор шаарды осмон султаны Мехмет Экинчи ("Фатих" - "Жеңүүчү") каратып алган.
Ал шаардагы "Айя София" христиандык ыбаадатканасын жамы мечитке айландырган.
Мехмет Экинчи өзүн "Кайсар-и Рум" -- "Рим дөөлөтүнүн цезары" деп жарыялаган.
1923-жылы 29-октябрда Түркия жумурияты негизделип, анын борбор шаары катары Стамбул эмес, Анкара шаары жарыяланган. Мустапа Кемал Ататүрк айдыңдык Түркиянын алгачкы президенти болуп калган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Стамбул, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.