Пенжаб же Панжаб (хинди ਪੰਜਾਬ которулганда Беш-Суу) – Түштүк Азиядагы тарыхый-географиялык облус.
Инд-Ганг түздүгүнүн түндүк бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 150-350 м бийиктикте жайгашкан. Административдик борбору – Чандигарх. Пенжабдын чыгыш бөлүгү – Индиянын штаты, батышы Пакистандын провинциясы. Аянты 200 миң км2ге ашык. Калкы 26,4 млн (2007); облуста калк жыш отурукташып, орточо жыштыгы 1 км2ге 524,9 киши туура келет.
Панжаб |
---|
хинди ਪੰਜਾਬ |
|
Тарыхый облустун аймагы Панжнад дарыясын (Инд дарыясынын сол куймасы) түзгөн Желам, Чинаб, Рави, Биас жана Сатлеж дарыя системаларынын суусу менен сугарылат. Климатына температуранын өзгөрмөлүүлүгү мүнөздүү. Жайында 47°Ска чейин ысып, кышында -4°Ска чейин төмөндөйт. Топурагы көпчүлүк бөлүгүндө күрдүү келет. Шивалик кырка тоосу түндүк-чыгыш бөлүгүндө созулуп жатат. Пенжаб сугат дыйканчылыгынын (дан эгиндери, пахта, кант кызылчасы) базасында пайда болгон байыркы цивилизация очокторунун бири болгон. Электроника, станок, текстиль, тигүү машиналары, велосипед, жер семирткич өндүрүштөрү иштейт. Ири шаарлары: Лахор (Пакистан), Амритсар (эл аралык аэропорту бар), Чандигарх (Индия).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пенжаб, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.