Ганди Мохандас Карамчанд (1869–1948) – Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу.
Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери: адамдардын ортосундагы мамилелердин чыныгы формасы – сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жол менен, күч колдонбой күрөшкө кеңири көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Ганди күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом жөнүндө концепциясын иштеп чыккан, саясатта жаңы ыкманы – граждандык баш ийбөөнү колдонууга чакырган. Ганди мамлекетти зордук-зомбулуктун биримдигинин формасы деп эсептейт. Бирок адамзаттын азыркы доорунда мамлекет зарыл экендигин танган эмес. Гандинин ою боюнча күч колдонбогон мамлекет кичинекей, өзүн-өзү башкаруучу жана камсыз кылуучу, айылдык коммуналар сыяктуу болуп, анда моралдык жана социалдык мажбурлоо бар, чечимдерди көпчүлүк кабыл алат. Бирок жеке адам же азчылык да өзүлөрүнүн аң-сезимине туура келбеген аракеттерди жасабай, граждандык баш ийбөө жолу менен саясатка каршы ачык күрөшө алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Махатма Ганди, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.