Гүл - уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү функциясын аткаруучу органы.
Гүл - аткарган функциясына байланыштуу түрүн өзгөртүп кыскарган өркүн. Эволюциялык өнүгүү мезгилинде анын кай бир жалбырактары спора пайда кылууга ылайыктанышса, калгандары стерилдик жабуучу жалбырактарга — гүл коргонго айланган. Спора пайда кылуучуларына (спорофиллдерее) микроспорофиллдер жана мегаспорофиллдер кирет.
Гүлдүн микроспорофиллдери — аталыктар, мегаспорофиллдери — мөмөжалбыракчалар. Адатта мөмө жалбыракчалар жээктери менен биригип өсөт да, туюк камераны — энеликти пайда кылат, анда урук- бүчүр өөрчүйт. Энелик жабык уруктуу өсумдуктөргө гана мүнөздүү.
Гүлдүн бөлүктөрү: гүл сабы, чөйчөкчө, таажыча, аталыктар жана энеликтер. Гүл сабы — Гүлдү негазги сабак менен байланыштырган сабакча. Кай бир Гүлдөрдүн гүл сабы болбойт, алар — сапсыз гүлдөр.
Гүл сабынын жогорку бир аз жоонойгон бөлүгү — гүл жайгашкыч; анда гүлдүн калган мүчөлөрү жайгашкан. Алардын эң сырткысы чөйчөкчө болуп, көбүнчө жашыл түстүү жалбыракчалардан турат. Чөйчөкчөнүн ич жагындагы Кызыл, кек, көгүлтүр, сары ж. б. түстөгү бир нечө желекче таажычаны түзөт. Таажычанын ич жагында аталыктары, ортосунда бир же бир нече энелиги бар.
Гүлдүн бардык аталыгы андроцей, энелиги гинецей деп аталат. Таажыча менен чөйчөкчө биригип гүл көргөндү түзөт. Гүл көргөн чөйчөкчөдөн же таажыдан гана түрүшу мумкун. Ал чөйчөкчөден гана турса чөйчөкчөдөй (дан өсүмдүктөрү, эмен, кайың) деп, таажычадан гана турса таажычадай (лилия, мандалак) гүл көргөн делет. Чөйчөкчөсү да, таажычасы да болгон гүлдүн гүл коргону — кош гүл коргон, ал эми гүл коргону болбогон гүл жабуусуз же жылаңач деп аталат.
Көпчүлүк өсүмдүктөрдө гүлдүн бөлүктөрү ачык-айкын көрүнүп турган шаңдуу же тегерек (цикл) түзүшөт. Эң көп кездешкендери беш жана төрт тегерек, б.а. пента- жана тетрациклдик гүлдөр. Ар бир чөйрөдөгү гүлдөрдүн саны ар кандай болушу мүмкүн. Көбүнчө гүлдөр пентацикл болуп саналат: эки периант чөйрөсү (каликс жана королла), эки стаминдердин (андроций) жана бир тегерек карпель (гиноэциум).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гүл, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.