Гипофиз - (грек.
Ал баш сөөктүн түрк ээрчеси сымал чуңкурунан орун алган. Организмдин түрүнө, анын жашына жана физиологиялык абалына жараша гипофиз түрдүү салмакта, көлөмдө жана формада болот. Гипофиз алдыңкы (бездүү), ортоңку (аралык) жана арткы (нервдүү) бөлүктөргө бөлүнөт. Алдынкы бөлүгүнүн функциясы өтө татаал. Организмдин өсүү, көбөйүү, негизги зат алмашуу процесстери анын нормалдуу функциясына байланыштуу. Гипофиздин экстрактынан 7 гормон бөлүнүп алынган. Өсүү гормону тканда болуп жаткан биохимиялык процесске түздөн-түз таасирин тийгизет. Анын арбын бөлүнүшү бойдун ашкере өсүшүнө (гигантизм), ал эми аз иштелип чыгышы өспөй калууга (бекенеликке) алып келет. Калгандары башка бездердин гормондору аркылуу таасир этет. Ал гормондорго адренокортикотроп, тиреотроп, гонодотроп ж. б. кирет. Гипофиздин гормондорунун химиялык түзүлүшү аныкталган, көбү синтезделип алынган. Алар эндокрин ж. б. ооруларда колдонулат. Гипофиздин секрециясынын бузулушу ар кандай ооруларга чалдыктырат. Анын функциясы сырткы чөйрөнүн шартына байланыштуу. Гипофиздин эндокриндик функциясын өзгөчө нейрогумор затын иштеп чыгуучу гипоталамус башкарат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гипофиз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.