Android — Google тарабынан иштелип чыккан мобилдик операциялык система.
Өзгөртүлгөн Linux өзөгүнүн жана баштапкы коду ачык программалык камсыздоонун нускасынын негизинде түзүлгөн, жана негизинен смартфон жана планшеттер сыяктуу сенсордук экраны бар мобилдик түзмөктөр үчүн жасалган. Алгач Android Inc. компаниясы тарабынан жасалып жана иштетип атышкан, кийинчерээк аны Google сатып алган. Натыйжасында Google Open Handset Alliance (OHA) альянсын түзүүнү демилге кылып чыккан, азыр да алар платформанын колдоо жана өнүктүрүү маселесинин үстүндө иштеп келе атышат. Android - Google китепканасы аркылуу түзүлгөн Java application жаcаганга мүмкүнчүлүк берип, түзмөк аркылуу башкарылат. Android Native Development Kit аркылуу Си жана башка тилдер аркылуу тиркеме жазаса болот.
| |
Иштеп чыгуучу | Google, Open Handset Alliance |
---|---|
Жазылган тили | Java, C++, C |
ОС бүлөсү | Unix-сымалдуу |
Иштөө абалы | Азыркы |
Баштапкы код модели | Ачык баштапкы код (түзмөктөрдүн көбүнчөсү Google Play сыяктуу проприетардык программалык камсыздоолорду камтыйт) |
Биринчи чыгарылышы | 23-сентябрь 2008-ж |
Акыркы стабилдүү чыгарылышы | 8.1.0 "Oreo"/ 5-декабрь 2017-ж |
Акыркы сыноодогу чыгарылышы | Android P/ 7-март 2018-ж |
Базардык багыты | Смартфондор, планшеттер, smartTV (Android TV), Android Auto жана акылдуу сааттар (Wear OS) |
Тилдердин саны | 100+ |
Пакет тейлегичи | APK (негизинен Google Play аркылуу; APK аркылуу жергиликтүү же F-Droid сыяктуу жерлерден орнотуу мүмкүн) |
Платформалар | 32- жана 64-бит ARM, x86 жана x86-64 |
Өзөк түрү | Монолиттик (өзгөртүлгөн Linux өзөгү) |
Колдонуучу интерфейси | Графикалык (мультитач) |
Лицензиясы | Apache License 2.0 GNU GPL v2 - Linux өзөгүнүн өзгөрүүлөрү үчүн |
Сайты | android.com |
2012 жылдын экинчи кварталында 64,1 % ээлеп, Android смартфондор базарында алдыга чыкты. Мындан аркы өнүгүшү да белгиленүүдө - Androidдин коммунникаторлорлорду тапшыруу үлүшү 70% жакындап калды. Экинчи кварталдын жыйынтыгында дүйнө жүзү боюнча 104,8 млн даана мындай смартфондор иш жүзүнө ашкан же баардык көлөмдүн 68,1 %.
2008 жылдын Аяк оона айынан баштап биринчи версиясы чыккандан бери, система бир топ жаңыланды. Бул жаңылануулар эреже боюнча табылган каталарды жоюу жана жаңы системага функционалды кошууда болгон. Системанын ар бир версиясы, десерттин атынан аталган жекече сырбелги ыйгарылат. Сырбелгилер алфавиттик тизмек менен ыйгарылат. 2012 жылдын Баш оонасында системанын 13 версиясы чыкты. Акыркы версия 4.1 Jelly Bean
2012 жылдын Жетинин айында системдин 14 версиясы чыкты. Ал 4.1 Jelly Bean деп аталды. Анын артынан ошол эле жылы Тогуздун айында 4.2 Jelly Bean чыкты, кийинчерээк 2013-жылынын Теке айында жаңылануу 4.3 Jelly Bean болуп алмашты.
2013 жылынын Тогуздун айынын 31 Google азыркы учурда эң акыркы версиясын релиздеди: Android 4.4. Бул версия Nestlé компаниясы менен келишимден кийин шоколад батончиги сыяктуу «KitKat» деген атка ээ болду..
Android аркылуу башкарылып иштеген, биринчи түзмөк болуп HTC компаниясыны чыгарган HTC Dream смартфону болгон(расмий түрдө T-Mobile уюлдук операторунан T-Mobile G1 аттуу ысым менен чыккан), презентациясы 2008 жылдын Аяк Оона айынын 23 дө чыккан. Ушундан баштап смартфон чыгарган чыгаруучулардан Android базасында түзмөк чыгарууга ниеттенип бир топ билдирүү жөнөтүлө баштаган. Планшеттерге багытталган, Android үчүнчү версиясы (Honeycomb) чыккандан баштап, улам улам бир нече өндүрүүчүлөр бул платформада планшеттерди чыгарышканын жарыялашкан.
Смартфон жана планшеттерден сырткары Android операциялык системасын башка түзмөктөрдө отугузула башташкан. Ушундан улам, 2009 жылдын аягында с Android аркылуу иштеген биринчи фоторамка сатыкка чыккан. 2011 жылдын Кулжа айында Blue Sky италияндык компания Android ОС аркылуу башкарылган i’mWatch интелектуалдуу кол саатарды анонстоп чыгара башташкан. 2012 жылдын Баш Оона айында Nikon компаниясы да, Google дун платформасында иштеген дүйнөдөгү биринчи фотокамераны көрсөткөн.
Мындан тышкары, энтузиазисттер Android ди башка катардагы белгилүү түзмөктөргө байланыштырышкан, алардын ичинде, мисалга, Windows Mobile HTC Touch Dual жана HTC TyTN II Android платформасындагы смартфондор, аларга Android эмуляция режиминде жүргүзүлгөн. Жана дагы толук түрдө Maemo-до иштеген Nokia N810 и Nokia N900 (порт под названием Nitdroid) жана Nokia N900 интернет планшетттерине(Nitdroid атындагы порт), жана ошондой эле MeeGo платформасындагы Nokia N9 сматрфондоруна,Windows Mobile ОС иштеген HTC HD2, аларда Android ОС microSD-картасынан жана ички NAND эс тутумунан иштетилген. Отургузулган система баардык чектөөсү жок мүмкүнчүлүктөр менен ыйгарылган. Мындан сырткары Android-ди Openiboot аттуу айтайын программа аркылуу Apple — iPhone, iPod Touch жана iPad түзмөктөрүнө отургузуу жагынан да ийгиликтүү тажрыйбалар бар. Openiboot бул түзмөктөргө ар кандай Операциялык системаларды, алардын ичинде Android да бар, отургузганга багытталган. Bada операциялык системасындагы түзмөктөрдө да чектөөлөрү бар алдын ала чыгарылган прошоивкалар пайда болууда. Koolu компаниясы Android-ди Neo FreeRunner порттоштуруп гана чектелбей өзүнүн бизнесин алдын ала олтургузулган Google-дун уюлдук платформасындагы смартфондорду сатыкка чыгарышкан. Биринчи расмий жана жалпы коомго жеткиликтүү Koolu-нун Neo FreeRunner-ине Android портунун бета релизи 2008 жылдын Бештин Айында болгон. Жана дагы Android x86 архитектурасына порттошкон.
(CyanogenMod, MIUI, Virtuous Quattro, VillainROM, Open Kang Project, Replicant)- android-прошивкаларын толук ачык вариантта жасаган энтузиасттар тобу бар. Android модификацияланган версиялары("прошивка", же болбосо "кастомдук прошивка" аталып жүрөт) булар үчүн жазалат:
MicroSD-картасында (Android-дин 2.2 версиясына чейинкилер) сактоо мүмкүнчүлүгү ж.б.у.с бар.
Android түзмөктөрдү перепрошивка кылыш үчүн, root мүмкүнчүчүк керек(Рутинг деп аталат), приложения жана системанын үстүнөн толук кандуу башкаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Root мүмкүндүк үчүн жүктөлмөөнү блоктон чыгарып кереги жок(блоктон чыгарылган bootloader 2 же андан ашык ОС көчүрө алат ). Модификацияланган прошивкалар эски телефонду көтөрүп жүргөн колдонуучуларга жаңы гана релиздерде гана мүмкүн болгон приложенияларды колдно алышат, алар туруктууну көтөрүшөт, ыкчамдык жана чыгаруучулардын багынан арылтат.
Android түзмөктөрдүн баардык чыгаруучулары башында эле root мүмкүндүктү блокирлеп салышат(балким прошивкалоо мүмкүнчүлүгүн да), муну алар колдонуучуну зыянга учуратуучу ПЖ жана түзмөктү бузулуудан коргойбуз деген мотив менен. Бирок, массалык түрдө колдонулган хакерлик ыкмалар бул коргонууну алып салынып аткандыктан, түзүүчүлөр бетме бет аларга түз чыгып расмий телефондорду блоктон чыгаруучу (Sony Ericsson - Unlocking the boot loader, HTC — Unlocking Your Bootloader кызматы) кызматын ачууга мажбур болушкан.
Блоктон чыгаруу мезгилинде телефон бузулуп калуу коркунучу, колдонуучуга жүктөлөт, телефонду блокту чыгаруу мезгилинде колдонуучу гарантияны бат жоготуп алуу шарттары менен макулдашат. А кээ бир түзүүчүлөр дагы алдыга жылышып, алдыңкы колдонуучу башка прошивканы гана отургуза алып эмес, бирок өзүнүн (кылдаттык менен жазылган прошивканы алмаштыруу, программдык жабдуу,программа платформа архитектурасы боюнча документация усулу берилет, оригиналдуу прошивка коду ж.б.у.с ) жана альтернативдик түзүлгөн прошивкаларды колдойт(Sony Ericsson CyanogenMod колдойт). Мынданы сыткары, бул (Sony Ericsson демилгеси) текшерилбеген хакердик колдонмо перепрошивканы иштен алып тыштайт (мисалы HTC үчүн).
Эки тараптын конфликтинде (Google менен телефондун түзүлүүчү менен колдонуучулар) астыдагы мотивация колдонулат:
2009 жылдын Аяк Оона айында Google кат менен CyanogenMod-дун түзүүчүлөрүнө система бөлүгүнүн алтернативдик прошивкаларындагы приложенияларды жана жабык түпкү коду барларды өчүргүлү деп кайрылышкан ( «Маркет», GPS навигация, «Карты» жана б.у.с.). Жыйынтыгында CyanogenMod-дун Android версияларында "жабык" приложенияларын өчүрүшкөн, жана отургузуу процессинде колдонуучуу Google-дун программа пакети отургузуп жана алтернативдик "жабык" программаларды ("Карталар" ж.б) дагы отургузуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, колдонуучуга Google-дун приложенияларынан көз карандысыз болобу же болбойбу.
Негизги макала: Google Play
2008 жылдын Тогузунчу айында Android ОС атайын онлайн дүкөн приложениялар ачылганын жарыялаган - Google Play Cүйлөшүү боюнча түзүүчүлөр түшкөн каражаттын 70% алышат, Соталык байланыш операторлору - 30 %. 2009 жылдын Бирдин айында түзүүчүлөр үчүн АКШда жана Улуу Британияда өзүлөрүнүн приложениялары (Google Play) үчүн акча алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. [Sony Ericsson]] компаниясы биринчилерден болуп Android Market-те жеке менчик онлайн дүкөн приложениялар каналын койо берди, жана компания менен сунушталган. 2011 жылдын Бештин айындагы Android Market түзүлгөндөн баштап 10 миллиард приложения көчүрүлгөн.
2012 жылдын Жалган Куран айында Google «Китептер», «Android Market», «Музыка» жана башка Google Play деги мультимедимялык приложенияларды бириктирди Интернет-магазин Google Play работает в 190 странах, насчитывает более 700 тысяч приложений, а за время работы сервиса было скачано 25 миллиардов приложений..
Android опреациондук системине приложение түзүү виртуалдык машина Dalvik, үчүн нестандарттык байт кодундагы программа болуп эсептелинет, алар үчүн атайын отургузуучу пакет .apk форматы түзүлгөн. Приложениялар менен иштечүү үчүн бир топ китепканалар бар: Bionic (libc менен дал келбөөчү стандарттык китепканалар функциясы); libc (Си) стандарттык систем китепкана тили; PacketVideo OpenCORE базасындагы мультимедиялык китепканалар (MPEG4, H.264, MP3, AAC, AMR, JPG жана PNG форматтарын колдойт); SGL (движок экиченемдүү графика); OpenGL ES 1.0 ES 2.0 (движок үч ченемдүү графика); Surface Manager (приложенияларды 2D/3Dмүмкүнчүлүк берет); WebKit (Web-браузер үчүн даяр движок; HTML, JavaScript тти иштете алат); FreeType (шрифттерди иштетүү движогу); SQLite (жеңил алмактуу СУБД, баардык приложенияларга мүмкүндүү); SSL (тармак ичинде корголгон маалымат өткөрүүчү протокол). Жөнөкөй приложениелерге Linux салыштырмалуу, Android приложениялары кошумча эрежелерге баш ийишет: Content Providers - приложениялар арасында маалымат алмашуу; Resource Manager - XML, PNG, JPEG файл ресурстарына кирүүгө мүмкүндүк; Notification Manager - сап калыбына кирүүгө мүмкүндүк; Activity Manager - активдүү приложенияларды башкаруу.
Google бекер көчүрүү үчүн (Software Development Kit) түзүү аспапын сунуштайт, ал x86-машиналарына Linux, Mac OS X (10.4.8 же өйдө), Windows XP, Windows Vista и Windows 7 опрерациондук системдерине багытталган. Түзүү үчүн JDK 5 версиясы же жаңыраагы керектелет.
Android-ке приложенияларды Java (Java 1.5 ылдый болбошу керек) тилинде түзсө болот. Eclipseке жазылган плагин бар - Android Development Tools (ADT), Eclipse версияларынын 3.3-3.7 багытталган. Жана дагы IntelliJ IDEA ге рлагин бар, android-приложеияларды түзүүнү жеңилдетүү үчүн,, жана NetBeans IDEтүзүү айлана чөйрөсүнө , ал болсо Netbeans 7.0 баштап эксперименталдык болбой баштаган, бирок ага карабай расмий атала элек. Мындан сырткары Motodev Studio for Android бар - Eclipse базасында комплекстик түзүү айлан чөйрөсү, Google SDK менен түздөн түз иштешет.
2009 жылы ADTга кошумча болуп Android Native Development Kit (NDK) жырыяланган китепканалар жана аспаптар пакети болуп, С/С++ тилдеринде приложениелерди түзсө болот. NDK коддордун ылдамдыкка критикалуу жерлерде гана колдонго кеңеш беришет.
2007 жылдын Жетинин айында түзүүчүлөрдү стимулдоо үчүн Google компания Android Developer Challenge 5 миллион долларлык приздик фонду менен сынак жарыялады Сынактын катышуучуларына каалагандай ар кайсы тармактарын камтыган приложение түзүүнү айтышкан - социалдык желелер, ар кандай маалымат менен иштөө, оюндар ж.б.у.с ADC мероприятиясы 2008 жылда башталып аягында 50 марага чыккан катышуучуларга чоң акчалай сыйлык беришкен(25-275 миң доллар)
2009 жылдын Бугу айында ADC2 жаңы сынагы жарыяланган, байге фондусу 2 миллион доллар (башкы приз — 250 000). Сынакка приложенилерди көргөзүү 2009 жылдын Баш Оона айынын 24 нөн баштап Баш Оона айынын 31 не чеейин кабыл алынган. Аяк Оона айынын 24 баштап Тогуздун айынын 6 чейин ADC2 биринчи раундуна карата колдонуучулар добуш берүү аркылуу приложенияларды экинчи раундга тандашкан. Жетинин Айынын 5 де экинич раундга киришкен эң мыкты 200 приложениненин тизмеси жарыяланган (ар бир 10 категорияынын биринде 20дан приложение), ушинтип колдонуучулар экинич раунддун приложениелерин добуш бере башташкан. Жетинин айынын 24 дө экинчи раундун добушу берүүсүү токтогон, жана атайын калыстар эксперттер тобу колдонуучулардын ойлору менен мыкты приложениелерди тандай башташкан. Жетинин айынын 30 да сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси жарыяланган.
2008 жылдын Тогуздун айынын 21 де OHA Android платформасынын баштапкы кодунжарыялады. Релизге Android дин баардык агымдары кирди: иштетъъ системи, ортоубакыттык ПЖ (middleware), жана негизги акыркы Java тилинде жазылган приложениялар. Android баштапкы кодуну жалпы көлөмү 2,1 Гб түздү. "Укуктуу лицензия" менен Android баштапкы кодуна Apache License 2.0 ээ. Android 3.0 Honeycomb чыккандан кийин Google уюлдук бөлүмүнүн президенти Энди Рубин, жаңы система версиясынын баштапкы кодун жарыялоо койо турулат деп жарыялады, себеби деп система коммуникаторлорго койо берүүгө даяр эместигин жана дээрлик оптимизация боло элек деди. Бул чечим аналитиктердин критикалык баасына туш болду: мисалга, баяндамачы ZDNet Кристофер Доусон, Google дун мындай кадамын көңүл калтыраарлык деди. Бирок, Компаниянын убадасына ылайык Google 2011 жылдын күзүндө Android 4.0 Ice Cream Sandwich кийинки версиясынын баштапкы кодун ачты.
Oracle Corporation Google'ду Java'да интеллектуалдык менчик укугунун бузду деп күнөөлөдү жана керектүү доо менен сотко кайрылды. Google компаниясына ушундай сыяктуу доолорду Brown Rudnick LLP компаниясынын юристтери да доолоду, алар түзүүчүлөрдү GPL2 лицензиясын өзүнүн Bionic китепканасы менен бузууда деп күнөө койушту. Бул арыз прессада көптараптуу реакция жаратты, бирок ага карабай бир катар эксперттер алдын ала жыйынтыкка келип, күнөөлөр эрте берилген дешти.
2012 жылдын Бугу айынын 31 де Уильям Алсуп (William Alsup) судья Oracle'дын доосундагы, Android платформасында колдонулган жана түзүчүүлөрдүн бирдиктүү Java код менен түзө алышкан, 37 API'га автордук укуктарынын тууралыгын аныктап чечим чыгарды. Алсуптун вердиктине ылайык, Oracle — Google талашындагы API интерфейстери болгон предметти, автордук укуктарды коргоо обьектерине кирбейт: "Анткени, реализация методикасында колдонулуп аткан, спецификалык код айырмаланып турат, анткени автордук укуктарды коргоо мыйзамына ылайык даана эле ушундай функция же спецификациясы, же башка Java API колдонулган методдор менен өзүнүн кодун жазса болот. Декларация же башкы саптар методикасы окшош болуп турса деле айырмасы жок. Анткени идеяны же функцияны орундатууда бир эле жол барда, ар кимиси өз эркине ылайык жасай берет, жана мындай ишке ашыруу ыкмасын эч кимисинин монополизациялаганга укугу жок".
FTP-сервер реализациясы жок, тармакка кошулуу точка режими(PAN кызматы) жана группалык биррангалуу Bluetooth (GN кызматы) тармактагы менен.
PC Magazine басылмасы Android 4.0 Ice Cream Sandwich иштетүү системине "Редакция тандоосу" деген сыйлыкты берди, жаңы ИС платформага көп жакшыртууларды жана смартфон менен планшеттик системалар арасындагы айрымаларды да жоготту деп бегилеп.
2012 жылдын Жалган куран айында «Ведомости» газетасы, Android орус базарындагы планшетик компьютерлер тармагында өзүнүн каршылашы Apple ди артка калтырды деп жарыялады. Себеби деп, аналитиктер Apple өзүнүнүн түзмөктөрүнүн чыгарылышын бир нече айга кечиктирип атышат дешти. Буга катар бул колдонуучуларга алардын "андроиддик" аналогдорун арзан баада сунуштап жатышты.
Android 4.0 Ice Cream Sandwich User Experience Awards 2012 де эң мыкты платформасы аталып алтын алды.
2005 жыл
2007 жыл
HTC, Intel, Sprint Nextel, KDDI, NTT DoCoMo, China Mobile, микросхема түзүүчүлөрү Broadcom, Marvell, NVIDIA, Qualcomm, SiRF, Texas Instruments, LG, Motorola, Samsung Electronics,жана ИТ-индустриянын дүйнөлүк гиганты, жана альянстын эң башкы идеялык шыктандыруучусу Google компаниясы. Бир убакытта OHA ачылыш менен Linux өзөгүндө Android ачык уюлдук платформасы анонстолгон.
2008 жыл
2009 жыл
2010 жыл
2011 жыл
2012 жыл
2007 жыл
2008 жыл
| 2009 жыл
| 2011 жыл
2012 жыл
|
Дата | Түзмөктөрдүн жалпы саны | Күндүк активация саны |
---|---|---|
Бирдин айы 2009 | 12,1 миң. | |
Кулжа 2009 | 18 миң. | |
декабрь 2009 | 51 миң. | |
Бештин айы 2010 | 100 миң. | |
Кулжа 2010 | 160 миң. | |
Бештин айы 2010 | 300 миң. | |
Бугу 2011 | 100 млн | 400 миң. |
Теке 2011 | 550 миң. | |
Бештин айы 2011 | 700 миң. | |
Бирдин айы 2012 | 850 миң. | |
Кулжа 2012 | 900 миң. | |
Теке 2012 | 400 млн | 1 млн |
Баш Оона 2012 | 480 млн | 1,3 млн |
Аяк Оона 2012 | 500 млн | 1,3 млн |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Android, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.