Ухань - Кытайдын чыгышындагы шаар, Хубэй провинциясынын административдик борбору.
Ханьшуй д-нын Янцзыга куя беришинде жайгашкан.
1953-ж. Ханькоу, Ханьян жана Учан шаарынын биригишинен пайда болгон. Калкы 4,3 млн (2013; агломерациясы менен 4,7 млн). Янцзы д-ндагы порточо Т. ж. түйүнү. Өлкөнүн ири өнөр жай борбору. Машина, кеме жана станок куруу, металлургия, химиялык, текстиль, тиричилик электр приборлору, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Кытай Илимдер Академиясынын филиалы, ЖОЖ, музей, китепканалар бар. Баота пагодасы (13-к.), мунара ж. б. сакталган. Шаар курулуштары Саньго мезгилинде эле (б. з. 220-280) салына баштаган. У. суу каптоодон бир нече ирет жапа чеккен.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ухань, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.