Санскрит - инди-европа тил уясындагы байыркы инди жазма тилдеринин бири.
Б. з. ч. 1-кылымдан Түндүк Индияга тараган. Санскрит нормага салынган грамматикага, бир түргө келтирилген (унификацияланган) эрежелер системасына эгедер. Бул тилде көркөм чыгармалар, диний, философиялык ж. б. илимий адабияттар жазылган. Санскрит инди тилдерине (асыресе лексикасынын) жана санскрит, будда маданияты тараган элдердин тилинин өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.
Санскрит Индияда гуманитардык илимдердин, табынуу-сыйынуунун тили, тар чөйрөдө оозеки сүйлөшмө тил катары да пайдаланылат.
Санскрит эпикалык, классикалык, веда санскрити, будда аргын санскрити жана жайн санскрити деп бир нече топко бөлүнөт. Жазуусу брахми системасында (кхароштхи, кушан жазуусу, гупта, нагари, деванагари ж. б.). Санскриттин өзүнө таандык фонологиялык, морфонологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Синтаксиси тексттин мүнөзүнө жараша курулат: биринде флексиялама форма көп болсо, экинчисинде татаал сөз, аналитикалык форма басымдуу. Лексикасы бай жана стилистикалык жактан ар кыл. Европада санскрит 18-кылымдын аягынан тартып изилдене баштап, 19-кылымдын башында салыштырма тарыхый тил илиминин пайда болушунда чечүүчү мааниге ээ болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Санскрит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.