Сыр

Сыр же эжигей — баалуу сүт азыктарына кирет.

Анын калориялуулугу 100 г азыкка 200—400 ккалды түзөт. Сырдын сортуна жараша анда белок 18ден 30%ке чейин, май 9дан 30%ке чейин болуп, А жана Д витаминдерине бай. С. даярдалышына жараша катуу, жумшак, туздалган жана көлкүлдөмө болуп бөлүнөт. С. тез кургап жана булганып кетпес үчүн көбүнчө даяр сырды эритилген парафинге малып алуу жолу менен парафинделет. Кыртышсыз сырлар да чыгарылат, алар даяр болгондо целлофан же башка плёнка менен капталат. Мындай С. көгөрбөйт, кургабай көпкө сакталат. Таза С-дын кабыгы бүтүн, көгөрбөй, былжырабай, бөтөн жыт жана даам сезилбеши керек. Ал эң аш болумдуу азык катары бардык курактагы адамдардын тамактануусуна кеңири пайдаланылат. Айрыкча жугуштуу оорудан же операциядан айыккандар, ошондой эле мүнөздөп тамактангандар үчүн пайдалуу. Аны кургак, салкын бөлмөдө 8—10° температурада жана 85—87% нымдуулукта сактоо керек. Сырты көгөрүп же былжырап кетсе тузга чыланган салфетка менен сүртүп салса болот.

Сыр
«Эмменталь» - Салттуу швейцар эжигейи

Үй шартында муздаткычта жакшы сакталат, бирок көпкө сактоодон анын өңү жана даамы бузулат. Сырды муздаткычта жабык идиште (эмаль, чопо, фарфор же фольга идиште) сактоо сунуш кылынат. Көлкүлдөмө С. тез бузулгандыктан муздаткычта сактоо зарыл.

Колдонулган адабияттар

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Курманжан ДаткаМетонимияВасилий РадловБашкы баракДифференциацияланган окутууТрансформаторСарыбагышКыргыз сомуБаланын укуктары жөнүндө конвенцияМаданиятМанас эпосунун идеясыКотон жараСүйлөмЖүрөк-кан тамыр тутумуКуранМетафораКара кытайКанчороДилбаянСаяпкерТынч океанКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары«Көкөтөйдүн ашы»Караханийлер кагандыгыОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууМолдо НиязФизикалык географияКыргыз мөңгүлөрүБир тутумдуу сүйлөмУлуттук паркИдеяАвтоматташтырылган жумуш орунуМеркурийГенБатыш түрк кагандыгыЭссеНарын дарыясыЖамийла (повесть)Сөздүк (лингвистика)Лексикалык мааниКычкылтекСак уруусуЖылуу-БулакПсихикаФатиха сүрөсүИнсанСоциалдык тармакМар БайжиевЫсык-Көл мамлекеттик коругуАйгүл гүлүКонституцияЭпикалык текСпортАбортДем алууФергана тоо тизмегиЖарандык коргонууТабиятЗаманачы акындарБиоценозКыргызстандагы жапыз тоолор жана адырлардын рельефиҮйбүлө укугуТерапияИммиграцияБугу (уруу)Ак кеме (тасма)ТарыхКызылча (оору)МеталлМанастын варианттарыКараханийлер мамлекетиКокон хандыгыГенетика инженериясыСоң-КөлКарым-катнашБарпы АлыкуловКыргыз тилинин грамматикасы🡆 More